
Бакай-Ата районунда 1 килограмм төө буурчактын баасы күнүбүздө 33 сомдон сатылууда. Күнүмдүк керектөөлөрдүн айынан тургундар арзан баада сатууга мажбур болуп жатканын билдирүүдө.
«ТАТ Бурчак» фирмасынын директору Акылбек Касымов төө-буурчакты 33 сомдон алып жатканын, мындан жогору көтөрө албасын айтат.
«Жакшы болуп, сарала, топурагы, 15 пайыздын тегерегинде болсо алабыз, 20 пайыздан ашып жаман болсо албай артка кайрыйбыз. 1 килограмм төө буурчактын баасы 33 сомдон. Анткени жогору жактан көрсөтмө ушундай. Ансыз деле биз баасын өйдөрөөк кылып алып жатпайбызбы?» — деп суроо салат ал.
Жакын арада төө буурчактын баасы көтөрүлөөрү белгисиз. Анткен менен аталган ишкана жети күндөн ашык 35 сомдон 400 тоннага жакын төө буурчак алган.
«Анан кечээ күндөн баштап биздин жетекчилер өздөрү сүйлөшүп 33 сомдон алууну чечишти», — дейт Касымов.
Айыл тургуну Ринат Байбеков төө бурчактын баасы төмөн болгонуна нааразы. Бирок мурдагыга караганда кичине болсо баа көтөрүлүп, бир нукка келип калды, деп канааттанат ал
«Азыр бир эле жаман жагы — бул элдер кичине кезекке туруп калып жатат. Анан мурункудай кылып алуучу жайларды көп кылып койсо жакшы болмок, жаман жагы ушул эле болуп жатат», — деп билдирди ал.
Төө буурчактын баасы кескин түшүп кетишине нааразы болгон Миң-Булак айылынын тургуну Гүлжигит Нурмамбетов азыркы баага канаттанбаганын айтат. Анткени банктан алган насыяларын, той-аштары барлар айла жок төө буурчактарын арзан өткүзүшкө туура келип жатат, дейт ал.
«Былтыркы баага салыштырмаалуу өтө жаман. Мурунку жылы болсо 110 сомдон 125 сомго чейин алынды эле. Жылыдын аягы 75 сомдон алынды. Быйыл болсо ошол баанын жарымына да жеткен жок», — деди Нурмамбетов.
Эмилбек Жанышбеков жайы менен иштеген мээнети минтип толугу менен акталбай жаткандыгын айтып төмөнкулөрдү билдирди.
«Учурдагы төө буурчактын алынышы мени канаттандырбайт. Себеби өткөндө 35 сомдон алып жатышты эле. Эми болсо 33 сомго түшүрүп салыптыр. Анысы дагы аз келгенсип бир эле жерден, кезекке туруп өткүзүп жатабыз», — деп айтты нааразычылыгын айыл дыйканы.
Таңкы саат беште келген дыйкан кезектин узундугунан улам саат тогузга чейин күтүүүгө туура келип жатканын кошумчалап өттү ал. Айрымдары ушул жерде түнөп жатат дейт ал.
Даярдаган: Сүйүтбеков Үсөн
Сынак үчүн