Ооган-Талаа айылынын тургуну Алишер кызынын полиартрит ооруcуна чалдыгып, кайра айыга баштаганын айтат. Кызы Курманжан ооруп калганда кыймылсыз эле жан болуп калган эле дейт ал.
Курманжан болсо кайрадан мектепте билим алууну каалайт. Ал эжекеси берген тапшырмаларды жакшы көрөт.
«Мен кыргыз тили жана адабиятынан окуп жатам. Мага эжекем макал, табышмак, «Манас», жомокторду үйрөттү. Жакшы окуп врач болом. Адамдарды операция кылып дарылайм. Дагы сүрөт тарттканды жакшы көрөм. Көбүнчө көйнөктөрдү тартам, анткени көйнөк кийип мектепке баргым келет»,- деди Курманжан Алишер кызы.
Азыр да мектептеги досторум келип аны көрүп тураарын, кээде курбулары менен бирге тапшырмаларды аткараарын айтат Курманжан.
Атасы Алишер аганын айтымында, кызынын ден-соолугу мурда жакшы болгон. Кызы кантип кырсыктап калганын мындай баяндап берди ал.
«Кызым экинчи класста окуй баштаганда шатыдан жыгылып, буту сынып, кыйшайып калган. Кызымдын келечегин ойлоп, бутун түздөтүү үчүн тез-тез гипстете бериптирбиз. Алты ай гипсте жургөн Курманжанга суук тийип, полиартрит оорусуна кабылды».
«Жалалабат шаардык ооруканада даарыландык, бирок натыйжа бербеди. Алар үйгө чыгарышты. Айылдын дарыгерлеринин жардамы менен Бишкектен врач чакырттык. Учурда кызым кыймылга келип, колуна буюм кармап калды», — деп айтты Алишер ага.
«Кокусунан сыркоолоп калса да, айылдагы врачтар бекер даарылап беришет», — деп кошумчалады Курманжандын атасы.
«Буйруса кызым сакайып кетет деген үмүтүбүз чоң. Азыр кызым тизелеп жылып калды», — дейт кубанган Алишер ага.
Курманжан күчтүү кыз экен. Ага бекем ден-соолук каалап, толук сакайып, тилеген ой максатына жетишин каалайбыз.
Автор: Айсулуу Эркинбекова
Телефондон жазылды.
Сынак үчүн