Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата конкурс болуп өттү.
Конкурста көрүнүш аткаруу, ыр, бий, дубал газеталарды даярдоо тапшырмалары болду.
Уюштуруучу Гүлбарчын Мамытбекова конкурстун максаты тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.
“Бул конкурска окуучулардын даярдык дэңгээли бирдей эмес. Албетте бир класс даярданып келсе, бир класс эптеп эле кутулгулары келишет», — дейт ал.
Калыстар тобунун жетекчиси Бурул Жангазиева конкурстун жыйынтгы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.
“Азыр окуучулардын СПИД оруусу боюнча көп эле маалыматы бар экен. Жакшы даярданышыптыр. Эркек балдар дагы катышса болмок. Кеңири чөйрөдө өткөрүш керек экен деген ойдомун”, — деген пикирин билдирди ал.
Конкурстун катышуучусу Билимкан сынакка жакшы даярданганын айтат.
«Даярдык мыкты деңгээлде деп ойлойм. Эң мыкты класстар биринчи орунду ээлегенге машыгып жатышат», — деди ал.
ВИЧ оорусуна дүйнө жүзүндө 50 млн. жакын адам, ал эми Кыргызстанда алты миңге жакын адам чалдыккан.
Даярдаган: Эльнура Тажиева
Сынак үчүн