
Ноокат шаарындагы «Венус» той салону ишке киргендигине аз гана убакыт болгондугуна карабастан, кардарларынын саны күн сайын өсүүдө.
Салондун ээси Гүлдана Эргараева Чолпон жылдыздай бийик болуп, элге сулуулук тартууласын деген ой менен бул мекеменин атын «Венус» деп койгонун билдирди.
«Бул салонду куруу үчүн көп каражат жумшадык. Салонго Венус деген сөздү италиян тилинен кыргыз тилине которгондо Чолпон жылдызынын маанисин берет», — дейт жеке ишкер Эргараева.
Салон кардарларына көбүнчө турмушка чыгып жаткан келиндер үчүн тигилген көйнөктөрдү сунуштайт.
Ак босогону аттап жаткан келиндер үчүн той көйнөктөрдүн саны 50дөн ашык.
Кардар Динара Таалайбек кызы той үчүн көйнөк издеп жүрүп, бул жерден өзүнө жарашкан көйнөк таба алганын айтат.
«Көйнөктөрүнүн баасы да өтө кымбат эмес. Анан дагы макияж, чач жасалгаларды да жарашыктуу кылып жакшы жасашат экен», — дейт Динара Таалайбек кызы.
Даярдаган: Маматосмон кызы Алида
Сынак үчүн