
Бүгүн 9-декабрда Терек-Суу айылында алгачкы кар жаады. Биринчи кар айыл тургундарынын кѳӊүлүн кѳтѳрүүдѳ.
“Быйыл кар былтыркыга салыштырмалуу кечирээк жаады” дейт айыл тургуну Назгүл Шакирова.
“Биринчи кар жааганда, эртеӊ менен эшикке чыкканда, айлана аппак карга бѳлѳнүп, ѳзүмдүн кѳӊүлүмдү кѳтѳрүп, жумушка кѳӊүлдүү келдим. Себеби дегенде, кыш ѳзүнүн кѳркү менен кооздугун берип турат. Быйылкы кар былтыркыга салыштырмалуу кечирээк жаады, былтыр 17-ноябрь күнү жааган”, — дейт Шакирова.
9-класстын окуучусу Кылымжан Бекташова биринчи кар тууралуу тѳмѳнкүлѳрдү айтып берди.
“Биринчи кардын жаашы менин маанайымды кѳтѳрдү. Себеби дегенде, эртеӊ менен туруп эшике чыкканда айлана аппак карга оролуп, баардыгы кооз кѳрүндү. Суук болгондугуна карабастан, кардын жааганына сүйүнүп, биз балдар, кыздар болуп кар чачышып кѳӊүлдүү ойнодук жана сүрѳткѳ түштүк. Быйыл кар туура эле убагында жаады деп ойлойм. Негизи мага кыш мезгили абдан жагат. Айлана аппак карга бѳлѳнгѳн жана Жаӊы-Жыл майрамы дагы кыш мезгилинде болгондуктан мага абдан жагат”, — деди ал.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн