Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинде ишембилик болуп өттү. Мектептин айланасында таштанды чогулуп калгандыктан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Бул ишембилик тууралуу мектептин окуу бөлүм башчысы Турсункан Абдыгулова төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Буга чейин эч ким ишембиликке чыгууну ойлогон эмес. […] Бүгүн мектеп окуучулары менен тазалоого чыктык. Мектептин айланасы ойдогудай тазаланып жатат. Бирок ишембилике окуучулардын келүүсү абдан жакшы эмес деп ойлойм. Себеби 11-класстар бүгүнкү ишембиликти каалашкан жок окшойт. Эмнегедир бул ишембилике келишкен жок. Бирок башка класстын окуучулары активдүү катышып жатышат. Эмгек менен ар бир адам көгөрөт, эмгек ар бир адамдын жанында жүрүшү керек. Сабактан кийинки мезгил бош болгондуктан бул иш чараны жасоого туура келди. Себеби бул жер ушул бойдон калып калса, кышка чейин мектептин айланасы мындай тартипке жана тазалыка келмек эмес», — деп билдирди мектептин окуу бөлүм башчысы .
10-класстын класс жетекчиси Кенжекан Аматбекова окуучулардын активдүү катышкандыгын билдирди.
«Менин окуучуларым негизинен эле 10-класстын окуучулары. Бул ишембилике активдүүлүгү күчтүү. Эч бир окуучу калбай жана керектүү курал-жарагын алып келишип айлананы тазалап жатышат. Бул ишембиликтин окуучуларга болгон тарбиялык мааниси өтө чоң. Бул суроого жооп берээрден мурда Исхак Разаковдун сөзүнөн баштагым келет «мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот». Тазалык — бул ден-соолуктун булагы. Айлана таза болуп турса, мына билим алган жерибиз көрктүү болуп ажарына чыгып калды. Ушундан тарбия алышат жана үлгү алышат», — деп айтып өттү Аматбекова.
Мектеп окуучусу Дилдеайым Сыргакова ишембиликке дайыма келип тураарын жана мектепте ишембилик ай сайын болуп тураарын айтат.
«Ар бир болгон ишембиликке ар бир окуучу активдүү катышыш керек деп ойлойм. Ал эми бизге бөлүнгөн бөлүктү биз тазалап жатабыз. Биздин класс ар бир ишембиликке активдүү катышат», — деди ал.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн