
Учурда Баетов айылынын жашоочусу Индира Оморова тоок ферма ачып, анын пайдасын көрүүдө. Бул тоок ферманын ачылганына 2-3 айдын жүзү болду.
Фермада 200дөн ашык тоок багылууда. Бул тоокторду Чүй облусунан алып келген. Ферманынын ээси Оморованын айтымында, булар эт багытындагы тооктор. Жарым жылдан кийин союп сата баштаарын айтат ал.
“Күнүнө болжол менен 180-190 жумуртка алып жатабыз. Жумуртканы 8 сомдон, ал эми көп алгандарга 7 сомдон сатып жатам. Андан тышкары айылдагы дүкөндөр үйдөн келип алып кетишет”, — деп билдирди Оморова.

Эмгектенип үзүрун көрүп жаткан Индира Оморованын ишине албан ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Айылчиева Адина, Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн