Марипат Жумабаева 1980-жылдан бери элдин жоголгон малдарын, буюмдарын жана ушул сыяктуу нерселерди көрүп берет.
Жумабаева андан сырткары балдар бакчасына, каарылар үйүнө, бей-бечараларга демөөрчүлүк да кылаарына айтат.
«Мен элдерге 1980-жылдан бери жардам берип келем. Кудайым жардамы менен жоголгон малдары табылат», — дейт ал.
Айылдашы Мария Атакулованын айтымында, Жумабаеванын айткандары көбүнчө туура чыгат.
«Менин жоголгон малымды тапканга жардамдашкан. Айткандары көп туура чыгат», — дейт ал.
Айылдашы Гүлзара Бекташова болсо «табылган малдар кудайдан, мен ишенбейм, барып да көргөн эмесмин» дейт.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн