Жапар Нышанов орто мектебинин төрт демөөрчүсү бар. Алар көп жылдан бери демөөрчү болуп келишет.
Эмил Баймуратов төрт жылдан бери, Назиржан Абдразаков үч жылдан бери, Улкыз Орозмамамат кызы үч жылдан бери жана Асилбек Жумабаев эки жылдан бери демөөрчүлүк кылышат.
Мугалим Рабы Ашированын айтымыда, демөөрчүлөрдөн түшкөн акчага жакшы окуган окуучуларга акчалай сыйлык жана грамота берилет.
Демөөрчүлөрдүн бири Эмил Баймуратов окуучулардын билими үчүн демөөрчү болуп келээрин айтат.
«Анткени жакшы окуган окуучуларга акчалай сыйлык жана грамота берилсе атандашып билими жогорулайт», — деген пикирде ал.
Окуучу Нуркыз Нурсейит кызынын ою боюнча, дал ушундай колдоо көп болсо окуучуларды билими мындан да жогоруламак.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн