
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «Биз кылмыштуулукка каршыбыз» деген темада иш- чара болуп өттү.
Аталган мектептин 9-а жана 9-б класстары 18-декабрда «Биз кылмыштуулукка каршыбыз» деген темада даярдаган номерлерин окуучуларга көрсөтүштү. Даярдаган номерлери кылмыштуулукка байланыштуу болгондуктан окуучулар кызыгып көрүштү.
Катышуучу Айжаркын Алтынбек кызынын айтымында, мындай номерди окуучуларга алып чыгуудан максат, бул аркылуу алара сабак чыгарып, терс көрүнүштөргө каршы турууга үндөө
«Биз мындай номер даярдаганыбыздын себеби окуучуларга сабак болсун деп жана уурулукка, тоноочулукка барбагыла деп чагылдырып бердик», — деди Алтынбек кызы.
Иш-чарага күбө болгон Элина Кеңешбек кызы «бул номерлерден өзүбүзгө пайдалуу жактарын алдык. Уурулукка, тоноочулукка барган адамдарга туура эмес жол экенин түшүндүрүүнү билдик» деди.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн