Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебиндеги китепкана жарды. Эски китептерди кошкондо 85 пайызды түзөт.
Китепкананын окуу залы жок болгондуктан окуучулар көп деле кире беришпейт.
Мугалим Рабы Корганбаеванын айтымында, китепканада он орун бар.
«Эски китептер да китепканада турат. Аларды бөлгөнгө бир бөлмө болсо жакшы болмок. Окуу залы жок болгондуктан окуучулар көп кире беришпейт. Окуу залы болсо аябай жакшы болмок», — деп билдирди Корганбаева.
Окуучу Элиза Улукбек кызы китепкананын окуу залынын жоктугу ыңгайсыздык жаратаарын айтат.
«Орун жоктугунан китеп окубай эле чыгып кетебиз», — деди ал.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн