
Куу-Майдан айылында селден чоңойгон жар элдерди кооптондуруп жатат. Ал жар 5-6 жыл мурун жөнөкөй эле арык болгонун айтышат тургундар.
Селдин алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлбөгөндүктөн жар бир топ чоноюп кеткен.
Азыркы убакта ӨКМден келип, селди башка жакка буруп берди. Бирок барыбир сел катуу жүрсө айылды суу каптап кетет. ӨКМ болсо дагы бир дамба куруп берербиз деп жатат.
Жардын бийиктиги 7-8 метрди түзөт. Узунунан 300 метр. Азыркы убака чейин эч ким бул кырсыкка кабылган эмес, бирок бул жердин жашоочулары үчүн кооптуу бойдон калууда.
Куу-Майдан айылынын тургуну Султанов Кереметтин айтымында, 3-4 жыл мурун жашоочулар адырдан жакшы күйгөн кара томукту тергенден кийин сел айылга түшө турган болуп калган.
«Бир күнү жамгыр жаап биздин көчөгө сел түшкөн. Ошондо мен коңшу айылга барганымда ал жакка сел түшпөптүр. Ал жакта да жар болчу. Бирок анын башына дамба куруп койгон экен. Биз дагы дамба куруп беришин сурап жатабыз», — дейт Султанова Керемет.
Мектеп окуучусу Кубанычбек уулу Темирлан биз дайыма кышында ушул жерге келип жылгаяк тепчүбүз дейт.
«Мен ушул жардын жок кылынышын каалайт элем. Анткени биз ушул жар жок болсо кеңири жылгаяк тээп калат элек», — дейт Кубанычбек уулу Темирлан.
Куу-Майдан айылынын тургундары ӨКМ аткарган жумуштарына ыраазычылыгын билдирип өтүштү.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн