Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы кыргыздын улуттук музыкалык аспабы комузда кол ойноткон айымдарынын бири Үмүт Осмонова. «Аккептер» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Осмонова менен маектешип келди.
Менин аты-жөнүм Осмонова Үмүт, Кара-Суу айылынын тургуну болом. Менин комузга, ырга жана сүрөткө жөндөмүм бар. Сиздерге комузда ойноп, бир күү, бир ыр чертип берейин.
Азыр айылыбыздын үч кызы Осмоновага барып, комуздан сабак алып комуз черткенди үйрөнө башташты.
«Аккептер» медиа борборунун атынан айылыбыздын ата энелерине кайрылабыз: кимде ким балдарына комуз үйрөткүсү келсе Үмүт эжебизге кайрылыңыздар.
Даярдагандар: Бейшенбекова Гульзада, Султанаалы Чакчагаев, Элина Азаркулова
Сынак үчүн