Кара-Суу айылындагы «Аккептер» мультимедиа борборунун кабарчылары тургундарга «айылдагы дүкөндөрдө арак сатылбаса эмне болот?» деп суроо узатып көрүштү.
— Саламатсызбы эгерде биздин айылда ичимдиктер сатылбай калса эмне болмок?
— Биздин айылда ичимдик сатылбай калса абдан эле жакшы болмок. Мына көчөдө жашы деле, карысы деле бири-бирин көзгө илишпей, көбү эле ичип калышты. Ал эми кээ бир айылдар бар экен ичимдик сатылбаган, тамеки чегүү деген жок, тамеки да сатылбайт. Сатылбай калса абдан эле жакшы болбойбу. Байкелерден тартип алып, ичпесе ортодо сый болот. Азыр кайсыл жерге барба ичип отургандарын көрөсүң, ошондойлорду токтотуп, штраф салса да ошого макулмун.
— Саламатсызбы, биздин айылда ичимдиктер сатылбай калса кандай болмок деп ойлойсуз?
— Ичимдиктер… арак сатылбай калса… айылдагы кишилер сатылбаса деле иче берет.
— Саламатсызбы, сиздин дүкөнүңүздө канча арак ичимдиктер сатылат?
— Биздин дүкөндө азырынча күнүгө бир-эки эле бөтөлкө өтөт. Өтпөй деле калды. Анткени биз саат 5-12 чейин эле иштейбиз. 12ге чейин жаш балдар алат чипсы, суусундук анан көбүнчө азык-түлүк өтө. Арак ичкендерди көрбөй деле калдым.
— Эгерде биздин айылыбызда арак сатылбай калса буга кандай дейсиз?
— Арак сатылбай калса болбойт.
Даярдагандар: Гульзада Бейшенбекова, Медина Сатыбекова, Элина Азаркулова
Сынак үчүн