Мектепте “Айылдын ардактуу математиктери” кечеси 16-декабрь күнү болуп өттү. Аталган кечеге айылдагы беш ардагер мугалими чакырылды.
Ардагер мугалимдерге жакшы маанай тартуулоо үчүн уюштурулган кечени 10-класстын окуучулары демилгелеген.
Кеченин уюштуруучусу Анара Мамырканова кеченин максаты улуу муун менен кичүү муунду байланыштырып, мугалимдин түйшүгүн окуучуларга түшүндүрүү, дейт.
«Жалаң эле предметтерге карата кечелер уюштурулбастан, карылар күнүнө да, сүйүү күнүнө да көп уюштурулушун каалайт элем. Анткени, бул эжелер да жаш болгон. Көптөгөн кечелерди уюштуруу менен окуучулар таасирленип, суроо бергенди үйрөнүшөт. Бирок мага жакпаган жери окуучулар суроону аз берип коюшту», — дейт ал.
Кечеге мугалимдер жана окуучулар катышышты. Даярдалган кечеге суроолор берилип, берилген суроолорго ардагер мугалимдер жооп берди. Ар бир берилген суроого ардагер мугалимдердин жооп бергени окуучуларды канааттандырды. Ошону менен бирге ыр, бий, көркөм окуулар да болду. 
Абдан жакшы деңгээлде өткөрүлгон кече болду деп белгиледи Турдубүбү Акматова.
«Мен бул мектепте 30 жылдан бери иштеп, азыр ардактуу эс алуудамын. Бул кече мугалимдер менен окуучуларды байланыштырган өзгөчө кече болду. Бул кечени көрүп, өзүмдүн балалыгым эске түштү”, — деп белгиледи Турдубүбү Акматова.
Өткөрүлгөн кече өзгөчөлүгу менен окуучуларды өзүнө тартты. Окуучулардын мугалимдерге болгон суроолору 15 суроону түздү. Аны менен бирге окуучулар ардагер мугалимдерден ырдап берүүсүн суранып, алардын мугалимдиктен тышкары өзгөчө таланттарына да күбө болду.
Окуучулардын арасынан Дилбар Мамбетова ага баарынан суроолорду бергени жакканын айтат.
“Мен мугалимдерге көптөгөн суроолорду бердим. Алардын берген жооптору мага абдан жакты. Алардын айткан сөздөрүнөн өзүмө жакшы нерселерди ала алдым. Айрым мугалимдерди толук таанычу эмесмин. Кеченин артынан мугалимдер менен тыгыз байланышта болуп, маалымат ала алдым. Уюштурулган кече мага абдан жакты”, — дейт Дилбар Мамбетова.
Кечелер ар бир ай сайын передметтер боюнча өткөрүлүп турат. Мындан мурда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата да кече болуп өткөн. Ушул жумада математика сабагынын декадасы башталды. Математика жумалыгында ар кандай дубал газеталарды чыгарышып, кечелер өткөрүлмөкчү.
Ал эми окуу бөлүмүнүн башчысы Назира Касымакунованын билдиришинче, ай сайын кечелерди, иш чараларды өткөрүү үчүн декадаларга бөлүп, жарыяланган.
«Ошол декадалардын негизинде көп иш чаралар өтөт. Бул өткөрүлгөн кече жогорку деңгээлде өттү десек болот. Кечеде окуучулар көп маалыматтарды ала алды”, — дейт ал.
Ал эми айрым окуучулар бул өткөрүлгөн кече кыска убакытта даярдалгандыгына байланыштуу ыр, бий өтө аз болуп калгандыгын белгилешти.
Даярдаган: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн