
Учурда өлкөбүздө жыйырмадан ашык жамааттык маалымдоо каражаттары иш алып барат. Алар республикалык жана жергиликтүү жаңылыктарды элге жеткирип турушат.
Аталган маалымдоо каражаттары ассосацияга биригишип, жасалган жана келечекте аткарылуучу иштер тууралуу атайын түзүлгөн иш мерчемдердин негизинде иш жүргүзүлөт.
Жакында ассосация мүчөлөрү чогулуп, өнөктөштөрдүн колдоосу менен жыл ичинде жасалган иштерди талкуулашып, жарыяланган сынактардын жыйынтыгын чыгарышты.
Немец толкуну (DW) Академиясы жамааттык мультимедиалардын өкүлдөрү үчүн жыл бою семинар окутууларды өткөрүп, алардын билимдерин көтөрүүгө чоң көмөк көрсөтүштү.

Аталган академия “Эн мыкты мультимедия борбору” деген сынак жарыялаган. Жыйынтыгында “Тун-Ук” мультимедиа борбору жеңүүчү деп табылып, академия тарабынан ноутбук, диктофон жана угуучу техника менен сыйланды.

Аталган борбордон сырткары дагы эки мультимедиа белгиленген сыйлыктардын ээси болду.
Борбордун эки ыктярчысы Касмалиева Айчолпон жана Айылчиева Адинага Академиянын атайын сертификаты берилди.
Ал эми “Клооп Медиа” коомдук фондунун маалымат бюллетенин чыгаруу боюнча кичи долбоорун утуп алды жана жергиликтүү калкты кабарлар менен үзгүлтүксүз кабардар кылып турган борбор катары интернет үчүн 6000 бирдикке ээ болду.
Даярдаган: Г.Мамытбекова