Ак-Талаа районунун Баетов айылында дагы бир бала бакча ачылды. “Алтын муун наристе” жаңы бала бакчасы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланган.
Каралбай калган имарат бир жыл ичинде бардык шарттары менен ремонттолуп бүтүп колдонууга берилди.
Бала бакчанын ачылыш салтанатына райондун акими, райондук билим берүү мекемелеринин башчылары жана ошондой эле айыл тургундары катышты. Айылдын аксакалдары бата берип, тасманы салтанатту түрдө кесишти.
Райондук “Тынчтык” балдар бакчасында бир нече жыл жетекчи болуп, учурда ардактуу эс алууда жүргөн К.Малдыбаева бала бакчанын ачылышында мындай каалоо-тилектерин айтты:
“Ушул бала бакча ачылганы абдан кубанычтуу. Керек болсо тарыхта калчу нерсе. Бала бакча акжолтой болсун, ичиндеги балдар кандай сүйүнүп келсе, так ушинтип сүйүнүп кетсин, анан бактылуу балдардан болсун”, — деди ал.
Райондук билим берүү мекемесинин атынан Кубан уулу Рахат чыгып куттуктоолорун айтып, бала бакчага ар кандай акылды өстүрүүчү оюнчуктарды белекке берди.
Ачылыш салтанатынан кийин бардыгы бакчанын ичине кирип, кичинекей балдар даярдаган чакан концертке күбө болушту.
Даярдагандар: А.Касмалиева, А.Айылчиева
Сынак үчүн