Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндө мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатов музейи ачылды. Музейде Кулатовдун элге жасаган эмгектери менен таанышууга болот.
Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадимаров облустан жана райондон келген ачылыштын катышуучуларына кезек, кезектен сөз берип жатты. Келген меймандарга ак калпакт кийгизилди.
Кулатовдун арбагына арнап куран окулган соң музейдин ачылуу тасмасы кыркылды. Музейдин ичинде мамлекеттик ишмердин жасаган эмгектерин, тарыхка калтырып кеткен буюмдарын жана кийим кечектерин көрүп, иш-чаранын катышуучулары ыраазычылыктарын айтышты.
Даярдаган: Хансарыбай Айбашов