Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы тарбиялык интернат мектебинде мүмкүнчүлүктөр менен бирге көйгөйлөр да жок эмес.
Замира Раимжанова тарбиялык мектеп интернатынын директору. Бул жер мүмкүнчүлүгү чектелген, оорукчан балдарды окутуп тарбиялаарын айтты.
«Алардын ичинде предметтик сабактардан жетише албаган балдар да көп», — дейт мектеп директору.
Мектеп директору билдиргендей, мектепте 9 класс бар, алар министрлик бекиткен программа менен окушат.
Билим уясы 1976-жылы ачылып, пайдаланууга тапшырылган жана бүгүнкү күндө аз да болсо кайрадан оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Мектеп ашпозчусу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн күнүнө төрт маал тамак берилээрин айтат.
Анда жатакана, кыздар үчүн тигүү цехи, жигиттер үчүн устачылык ийримдери ачылган. Балдар бош убактыларын ушул жерде өткөрүшөт.
Айша Исакова аталган интернат мектепте тарбиячы болуп эмгектенет.
“3-декабрь эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата жергиликтүү бийликтен, Кадамжай администрациясынын башчылары, “Кызыл Жарым Ай” коомдук фонду тарабынан акчалай жана башка жардамдарды беришти”, — дейт ал.
Исакованын билдирүүсүнөчө аталган интернат мектебинде көйгөйлөр да жок эмес.
«Балдардын бут кийимдери көйгөй жаратууда жана идиш-аяктарды жуучу каражаттар жетишпейт. Имаратыбызда ар жеринен төгүлүп түшүп жатат анткени эскилиги жеткен», — деп билдирди Исакова Айша.
«Биз бул жерде балдарды кол эмгегине үйрөтөбүз, анткени бул балдар кыздар ар түрдү эс тутумдары бираз артта калган. Кыздар чеберчиликке үйрөтүлөт, ал эми балдар жыгач устачылыгы менен алектеишет», — деп кошумчалайт тарбиячы.
Эмгек жамаатынын айтымында, жумушчулардын айлык маянасы канаатандырарлык эмес. Ошондой болсо да айла жок эмгектенүүгө аргасызбыз дейт алар.
Жалпысынан мектепте 95 окуучу тарбияланат. Тарбияланып жаткан балдар ар түрдүү аймактардан, Ноокат, Араван, Баткен, Кызыл-Кыядан келишкен. Инетрнат мектебине балдар 7 жаштан кабыл алынып 15 жаштан күбөлүк берилип атайын мүмкүнчүлүгү чектлген жерлерге жиберилет.

Даярдагандар: Нишанова Назира, Юлдашева Ситора
Сүрөттүн автору: Сабыр у Шумкарбек
Сынак үчүн