Ноокат районунун Кеңеш жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн ортосунда «Балдардын укугу кантип корголот» деген темада көчө театры болду. Анда Кеңеш айыл аймагынын Куу-Майданынын окуучулары ийгилик жаратып, сыйлыкка ээ болушту.
Сынакка Кулатов айыл өкмөтүнөн эки мектеп, Кеңеш айыл өкмөтүнөн Жапар Нышанов мектеби катышты. Нышанов мектеби эки сценарий көрсөтүштү.
Жыйынтыгында Нышанов мектеби бир проектор, бир принтер утуп келди. Көчө театрына 11-б классынын, 4-класстын, 6-класстын окуучулары катышты.
Буга чейин да Нышанов мектебинин окуучулары сыйлыктарды утуп келишкен. Өткөн жылы 10-11-классынын окуучулары «Билерман ордо» интеллектуалдык оюнуна катышып зонадан 1-орунду, райондон 2-орунду ээлеп бир принтер утуп келишкен.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн