Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы тегирмен жаныланды. Буга чейин айылдагы тегирмен башка жакка көчүрүлөт деп иштебей турган болчу.
Азыркы убакта башка жерге жылдыргандан кийин тегирменге ун таштачулар көбөйүп калды. Мурдагы жеринде тегирмен күнүнө 3 мүшөктөн 6 мүшөккө чейин тартса, азыр болсо 5 мүшөктөн 10 мүшөккө чейин тартат.
Тегирменде ундун килограммын 2,50 сомдон тартат. Тегирмен жолдун боюнда болгондуктан элдерге да ун таштаганга ыңгайлуу болуп калды.
Тегирменге Жаңы-Базардан, Арбындан, Шаңкол, Федуруптан келип таштагандар бар.
Тегирменде эки ишкер иштейт, бири түшкө чейин иштесе, дагы бири түштөн кийин иштейт. Алар: Шералиев Садыкмырза жана Азизбек уулу Данияр.
Бул ишкананын жетекчиси Төлөнбаев Азиз беш жылдан бери бул иш алектенип келээрин айтат.
«Бул иш мага жагат. Бул тегирменден түшкөн акчаны үчкө бөлөбүз, мага жана эки ишкерге», — деп токтолду Төлөнбаев.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн