Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаңы бильярд клубу курулуп ишке берилди. Анын курулушу бир ай убакыт ичинде бүттү.
Бильярд бардык шарттары менен толук бүткөн. Бильярддын эки доскасы бар. Бир партиясына 15 сом, бир саатына болсо 50 сомго ойноого болот. Бирок сурангандар үчүн насыяга деле ойното берет.
Бильярдка анча деле чыгым кеткен эмес. Анткени мурда бул жерде дүкөн болгон, аны аз маз ремонттон өткөрүп, ишке берген. Биллярдка жалпысынан 59000 сом акча коротулган.
Клубдун ээси Азиз Төлөнбаев айылда бир эле бильярд клубу бар, ал да бизден алыс дейт.
«Ошондуктан мен ушул бильярдды курдум», — деп билдирди Төлөнбаев.
Бильярд кумар оюндарына кирет деп, айыл аксакалдары муну жактырган эмес.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн