Кыш келип, Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында колунда бары камын көрүп көмүр сатып алышкан. А мүмкүнчүлүгү жоктор айыл тургуну Карамат Калыкова сыяктуу отун-тезек жагып отурушат.
«Кызыл-Булак» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Калыкованын жашоосунун бир бөлүгүнө күбө болуп келди.
— Мен Калыкова Карамат 65 жаштамын. Учурда көмүр жок отун кыркып олтурам.
— Пенсия тийгенде көмүр алабыз. Бирок ун жок, ун алсак көмүр жок. Пенсиям эч темкеге жетпейт экен. Өзүмдүн төрт кызым, бир балам, үч неберем бар.
— Балдарым баары чоңоюшуп калышкан. Бирок иш жок баары үйдө жатышат. Бизге эч ким акча бербейт. Көмүр жок, мал деле жок, эки эшек бар ал да бирөөнүкү.
— Ишенген бир телевизорубуз бар.
— Карызым көп, ошентип жашоо кетип жатат. Жегенге унубуз да жок, жашоо начар. Светке төлөгөнгө акчабыз да жок.