Күз келип, айлана сары түскө боёло баштады. Бул мезгилде тоодогу малдар айылга келишип, жер-жемиштер, эгиндер жыйнала баштайт. Күз мезгили учкундуктар үчүн кандай мааниде экендигин билуү үчүн суроолорду узаттык.
Учурда Нарын районуна караштуу Учкун айылында эгиндер толугу менен жыйналып бүтүп, малдар жайлоодон эрте келди.



Гүлмира Жумашова, үй кожойкеси:
— Күз айында кырманың данга толот, үйүң нанга толот дегендей, быйылкы күз айы абдан берекелүү жана түшүмдүү болду. Мага төрт мезгилдин ичинен күз айы абдан жагат. Өткөн жылга караганда тоодогу малдар быйыл эрте келишти. Себеби түшүмдөр эрте жыйналды. Жаан-чачын көп болуп, малдар семиз болду.


Шайыркүл Тагаева, пенсионер:
— Учкун айылынын күз айы өзүнчө эле бир керемет. Кайсы мезгил болбосун жакшы эс алам, себеби ар бир мезгилдин өзүнчө касиети бар эмеспи. Азыр малдын семиз кези жана тойдун учуру. Күздүн эң жакшы берекеси — бул мол түшүм. Кайсы үйгө кирсең эле түшүмдөр жайнап турат. Жалбырактар саргайып, айлана алтынга бөлөп койгондой сезилет. Күз күрөш дегендей, элдер түшүмун жыйнап жаткан учуру.


Субан Оморов, уста:
— Мен уйларды 200 сомдон, койлорду 25 сомдон бактырдым. Быйыл малдар семиз болду, себеби жаан-чачын көп болду. Мурдагы жылы деле малдын баасын ошондой бактырганбыз, быйыл да ошондой баада болду.

Өткөн жылда тургундардын айтымында, кургакчылык болуп, түшүмдөр аз, малдар да арык болгон. Быйылкы жыл андай болгон жок, түшүмдөр көп алынып, малдар семиз болду.
Даярдаган: Акылай Качик кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн