
Мугалим бул ата-энеден кийинки тарбячы. Аларга баш ийип таазим кылсак да аздык кылат. «А» деп тамга тааныткан , турмуш деген чоӊ ааламдын алгачкы тепкичтеринде жетелеген бул асылдардын эмгеги кѳп нерсеге татыйт. Бирок мугалимдердин эмгегин балабаган инсандар да бар. Алсак ,азыркы социлдык тармактарда чоӊ талкууну жаратып жаткан Жогорку Кеӊештин депутаты Жылдыз Мусабекованын сѳзү: «Ал айылдагы мугалимдер саанчы менен чабан аялдардан айырмасы жок деди».
Ал эми мугалимдер буга башкача кѳз карашта . Алсак мектеп деректору 25-жылдык эмгек стажысы бар мугалим Акылай Асаналиева ѳз оюн биз менен тѳмѳндѳгүчѳ болушту:

« Кыргыз элинин жакшы сѳзү бар. Азыр да аябай актуалдуу айтылып келе жаткан «Ааламга жол айылдан башталат» — деп. Эӊ жакшы тарбия, эӊ жакшы тарбия, эӊ жакшы билим керек болсо ушул айыл жергесинен башталат. Анткени малчы, саанчылар деле адамдар. Биздин социалдык тармактын эӊ басымдуулугу, эӊ салым кошкон агартуучу керек болсо мугалимдер да. Алардын айырмасы аябай чооӊ. Дал ушул аттестациялоо боюнча аябай жакшы иш чаралар жүрүп жатат. Мугалимдердин баары даярданып жатат. Мисалы он суроо конституция боюнча дейт, мугалимдердин ал боюнча даярданып да жатышат. 10-15 суроо педогогика, психология боюнча ,ага да даярданып жатышат. Эӊ иргелип калчуу, эӊ жакшы аттестация болуп жатат да бул. Иргелчүү кийинки кадрлардан кудай буюрса арылабыз деген ой менен жасалган иш чара болуш керек».
Мугалимдердин берген билими, тарбиясы келечектин фундаментин түзѳт. Алар окуучулардын болочогуна кам кѳрүү үчүн колунан келгендерин аяшпайт. Болгон билимин бѳлүшкѳнгѳ аракет кылышат. Ал эми окуучулар мугалимдердин билимине канагаттанабы? –деген суроого 11-класстын окуучусу Сыймык Усупов мындайча жооп берди:

«Биз ошол айылдан эле билим алып жакшы жетишкендиктерге жетип жатабыз. Алибетте шаардагы эжейлерге караганда кичине тѳмѳн болушу мүмкүн. Бирок жакшы күчтүү эжейлер да бар, жаӊы эжейлер да бар, тѳмѳнүрѳѳк эжейлер да бар. Мен угуп жатам кээ бир мектептерде эжейлер, агайлар ѳзүнүн чарбачылык жумуштарына алып кетет экен да. Ошол эле терс таасири болбосо башкасы жакшы эле».
Балдарым бидимдүү болсо экен деп кара жанын карч урган ата-энелер кѳп. Алар мугалимдердин билимине канагаттанышат. Себеби: алар балдарды окуткандыгы үчүн акча алып жатышкандыктан балдарды жакшы эле окутуп жатышууда деген ойдо. Дал ушундай ата-энелердин бири Чолпон Кудайбергенова. Ал ѳз оюун тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүштү.

« Эми айылдагы мугалимдер сѳзсүз бизди канагаттандырат. Анткени биздин айыл эӊ чоӊ айылдардан болот. Ошондуктан кѳптѳгѳн балдар окуп билим алышат. Мен мисалы үчүн ыраазымын биздин мугалимдерге. Иштерине ийгилик каалайм. Кѳптѳгѳн окуучулар ушул Барскоондон бүтүп окуу жайларда, чоӊ кызматтарда иштеп жүрүшѳт. Мен ыраазымын мугалимдерге».
Сиздер мугалимдердин билими канагаттандыраарлыкпы же жокпу деген макаланы окудуӊуздар. Даярдаган жана алып барган Алина Турдалиева жана Эрлан Абласов.