Бүгүн, 19-октябрда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулар арасында Нарын районунун ИИМи кылмыштуулук, мектеп рекети жана башка эрежелер жөнүндө маалымат берип кетишти. Мектептерде рекетчилик жөнүндө түшүнүк жана аны жоюу жөнүндө эскетүүлөр жүрдү.
ИИМ нын ага лейтенанты өз сөзүндө мындай деди:
«Мен Нарын районунун ички иштер кызматкеринин ага лейтенанты Капитанов Рамис. Жаш өспүрүмдөр боюнча аймактык тергөөчүмүн. Биз кылмыштуулукка жана укук бузууларга бөгөт коюу жана анын алдын алуу иштерин болтурбоо үчүн биз мектептерди кыдырып жатабыз.
Рекетчилик жөнүндө мектептер арасында байма бай иш чараларды өткөзүп жатабыз. Ушундай иш чараларды дайыма өткөрсөк, кылмыштуулукту кандайдыр бир деңгээлде жоё алабыз»- деди Рамис Капитанов.
Окуучулар арасында сурамжылоодо 7-а классынын окуучусу оюн төмөндөгүчө билдирди:

» Мен Мирбек уулу Абылай, Ички иштер кызматкерлери окуучуларга өрт коопсуздугун сактоого, кечинде саат 7ден кийин эшикке чыкпоого, мектепке телефон алып келбеш керектигин айтышты. Мектепте рекетчилик болуп атса мугалимге айтуу керектигин эскертишти. Мен бул талаптарга баш ийем» — дейт каарманыбыз өз сөзүндө.

Даярдаган:Болотбекова Аяна
» Мыкты макала сынагы үчүн »