3-февраль Бүткүл дүйнөлүк ченемдүү эмес лексика менен күрөшүү күнү. И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу, кыргыз тил боюнча комиссиясынын мүчөсү Нурида Касымбекова учурда жаштардын активдүү лексикасы өтө жардыланып бара жатканын айтып, кеп маданияты тууралуу маек курду.
Сиз тилчи катары учурдагы кыргыз жаштардын кеп маданиятын кандай деп баалайт элеңиз?
— Бул учурдагы өтө актуалдуу маселе. Анткени кеп маданияты адамдын деңгээлинин күзгүсү деп коет. Адамдын деңгээлин коомдо өзүн алып жүрүүсү, кийингени, башкаларга жасаган мамилеси ошону менен бирге кеп маданияты менен аныктоого болот. Демек, ар бир адам коомдо татыктуу орун алуу үчүн жогоруда айтылган критерийлерди таза, так, туура сактаганга аракет кылышы керек. Тилчи катары факторлордун ичинен кеп маданияты башкаларга караганда көбүрөөк мааниге ээ деп айтат элем. Анткени кеп бул адамдын ой жүгүртүүсүнүн туундуусу, ой жүгүртүүсүнүн өндүрүмү. Ал эмнени ойлонсо оозунан ошондой сөздөр чыгат.
Демек, сөз аркылуу биз аны баалай алабыз. Бүгүнкү күндө кеп маданияты өзгөчө кептин тазалыгы өтө бузулуп бараткандай. Мындан улам адепсиз, орой, кеп маданиятына туура келбеген сөздөргө карата күрөшү күндөрү жарыяланып калды. Мунун өзү туура нерсе. Туура эмес же адепсиз сүйлөөнү ар түрдүү ракустан талдоого болот.
1.Социологиялык багытта
2.Медициналык багытта
3. Юридикалык багытта
Мен медициналык багытына көбүрөөк көңүл бургум келет. Россиялык окумуштуулар үндүк термелүүнү электро магниттик термелүүгө айланта турган атайын аппарат ойлоп табышкан экен. Анын жардамы менен адамдын оозунан чыккан сөз дагы кандайдыр бир таасир берерин изилдешкен. Бул кванттык физиканын ийгилиги десек болот. Эгерде адам жакшы сүйлөй турган болсо термелүүлөр аркылуу курчап турган нерсенин ар бирине оң же терс таасир тийгизет. Мунун япониялык окумуштуулардын изилдөөлөрү дагы тастыктайт. Жакшы сөздөрдү уккан гүл болсун, суунун молекулалары, дандын үрөнү болсун башкача таасир алат ал эми ушул эле нерселер жаман сөздү укканда башкача таасир болот. Адам организми дагы ушундай эле реакция жасайт, жакшы сөздү укканда жылмайабыз, үнүбүз өзгөрөт бул айсбергдин суунун үстүндөгү бөлүгүндөй эле кийчинекей көрсөткүчтөр. Ал эми калаган таасири көзгө көрүнбөй биздин ичибизде жүрүп жатат. Жүрөктүн согуусунда, кандын айлануусунда, кан басымда жана башкада. Демек адепсиз сөздөр, адабий тилдин нормасына туура келбеген сөздөр айтылган учурда тирүү адамдарга мына ушундай таасир берет.
Учурда жаштардын активдүү лексикасы өтө жардыланып бара жатат. Эгерде ушул темп менен кете бере турган болсо кыргыз тилдин келечегине кандайдыр бир кооптонуулар жаралат дегенге негиз бар. Бул бир эле тилчилердин көйгөйү деп түртүп койбостон коом мунун актуалдуулугун түшүнүп, кандайдыр бир кадамдарды башташыбыз керек. Бирок, коом өзү жаштарды тарбиялай турган деңгээлде боло албай жатат. Коом дегенде жашы да, орто курактагылар дагы, кары да, өспүрүм бардыгы бар.
Коомдун кеп маданиятка жасаган деңгээлин социалдык медиа аркылуу болжолдуу талдоого алсак болот. Ал жерден акаарат келтирген, тилдеген, сөккөн, бирөөлөрдүн бир абийирине шек келтирген создөр абдан көп колдонулат. Кээ бир адамдар ушундай лексика аркылуу башкалардан өч алат. Өзүнүн алсыздыгын ушундай сөздөр аркылуу жаап жашыргысы келет. Эгерде тереңирээк изилдей турган болсок, бүгүнкү күндө жакшы энергияга ээ сөзгө караганда зыяндуу таасири бар сөздөр социалдык медиада көбүрөөк. Ар бир адам өзүнүн кебин тазалаганды үйрөнүш керек. Туура эмес сөздү айтуу менен ал эң биринчи өзүнө зыян келтирет.
Анткени жаман сөз анын мээсинде жаралды жана тилинен чыгып жатат. Өзүнө зыян келтирүү менен гана чектелбестен, ошол сөздү уккан тегерегиндеги адамдардын бардыгына зыянын тийгизип жатат. Ошол үчүн сөздүн кыйратуучу, талколоочу күчүн эске алып туура эмес сөздөрдү азыраак колдонгонго аракет кылышыбыз керек.
Эмне үчүн мындай лексика пайда болот?
-Биринчиден бул кептин жардылыгы. Кеп жарды болгон учурда адам өзүнүн оюн толук жеткире албайт дагы боштукту толтуруу үчүн адепсиз сөздөр менен башканын көңүлүн алаксытып турат. Демек, бүгүнкү күндө китеп аз окулуп жатат. Бул турмуш чындыгы.
Шибегени капка ката албаган сыяктуу эле бул реалдуулукту жашыра албайбыз. Китептин аз окулушу биздин кебибиздин жардылыгына алып келип жатат. Натыйжада чектелген, отоо сөздөр, адепсиз сөздөр, мите сөздөр биздин лексиконубуздун кайсы бир пайызын түзүп калып жатат.
Экинчи бир себеп бул жаштардын туура эмес түшүнүгү. Мына ушундай сөздөрдү алар саркечтик деп түшүнөт. Андай создөрдү жаштыктын бир эталону деп эсептейт. Эгерде сөзүндө мындай лексиканы колдонбой турган болсо, жаштардын толкунунан арта калгандай, өзүн бир эски адамдай түшүнүп алышат. Демек, ошол саркечтиктен арта калбаш үчүн гана кебинде атайын мындай сөздөрдү колдонгон жаштар дагы бар. Биз мунун туура эмес экенин жаштардын аң сезимине жеткире билишибиз керек.
Эң жаманы бул жугуштуу. Ошон үчүн адепсиз сөздөрдүн ичинде мите сөз деген түшүнүк бар. Мите деген бул медициналык термин. Бул организмде жашайт дагы ага эч бир пайда келтирбестен организмдин эсебинен жашайт. Мите курттардан мите сөз деген түшүнүк пайда болгон. Мите курттар сыяктуу мите сөздөр дагы жугуштуу. Жаныбыздагы кайсы бир адам туура эмес сөздөрдү көбүрөөк колдоно турган болсо, билип билбей эле биздин аң сезимге сиңе берет дагы кайсы бир учурда биздин активдүү колдонубузга кирип калат.
Бардык эле жакшы адаттарга жаш кезинен тарбиялоо натыйжалуу болсо керек. Мындан улам балдарга кичинекей кезинен кеп маданиятына кантип үйрөтсө болот?
— Жаман нерсе башталганда эле анын тамырын кыркыш керек. Анын башкаларга тарап, жайылуусун алдын- алуу зарыл. Ушунун өзү жакшы иштердин биринчи кадамы. Бала үйдө тарбияланат, эң биринчи сөздү үйдөн айтат. Ата-эне үлгү болуш керек. Үйдүн шартында жаман сөздөрдү үйрөтпөөгө аракет жасоо зарыл. Андан сырткары бала сырткы чөйрөдөн адепсиз создөрдү үйрөнүп үйдө айта турган болсо, эң биринчи айткан күнү эле ага туура түшүндүрүп, туура жаза колдонгонду билиш керек. Бул сөзсүз эле аны төпөштөп, урушуу эмес, “макоонун тилин энеси билет”-дегендей ар бир ата-эне өзүнүн баласына кантип таасир этишти түшүнөт демек, маданиятуу, таасирдүү ыкма аркылуу ошол сөздү колдонбоо керектигин жеткире түшүндүрүп коюу керек.
Жаштар кеп маданиятын, сүйлөө кебин жакшыртуу үчүн өз алдынча кантип өзүн өнүктүрө алат?
— Эң биринчи өзүнүн тилиндеги душманын табуусу керек. Душманы кайсы? Бул азыр биз сөз кылып жаткан кеп маданиятына туура келбеген сөгүнгөн, адепсиз, мите, жаргон сөздөр. Кантип аныктайт? Жанында жүргөн жакын курбусуна диктофонго сүйлөп жатканын жаздырып коюшун суранса болот. Себеби өзү жаздырса акыл эсинде жазылып жатканын билет дагы сүйлөп жаткан сөзүн чыпкадан өткөрүп баштайт. Ал жерде душмандардын айрымдары колго илинбей калуусу мүмкүн. Ошондуктан өзү байкабаган учурда курбусу анын сөзүн жаздырып койсо, бул ага реалдуу материал болуп берет. Эми ал материалдан кандай кеп маданиятына туура келбеген сөздөр бар экенин талдап чыгып кагазга жазып алуусу керек. Душмандарды таанып алган соң, алар менен аяосуз күрөш жарыялашы керек. Күрөш жарыялаганы ошол ал сөздөрдү колдонбогонго аракет кылусу керек. Мисалы, изилдөөнүн башында бир күндө 20-30 туура эмес сөз колдонуп жаткан болсо, бир жуманын ичинде ал 5%га азайса дагы бул жетишкендик. Мына ушундай турмуштук көнүгүүлөрдү жасаса дагы кептин тазарышына жол ачылат.
Нейробиологдор сөздүн талкалоочу күчүн байма-бай айтып келишет. Өзүбүздөгү бекер куралды туура багытта колдоно билсек. Сөз бул чындап эле бекер курал. Аны колдонууну аары жана жылан менен салыштырсак болот. Мисалы, аары чөпкө барат дагы анын жалаң гана ширелерин терип алып бизге бал даярдап берет. Ошол эле чөпкө жылан барат дагы андан уу даярдап келет. Чөп сымал сөз дагы бизди курчап турган бекер нерсе. Каала аары бол, каала жылан бол.
Демек, жакшы сөз айтуу дагы жаман сөз айтуу дагы сенин каалооңдогу нерсе. Бирок, эмнени тандарыңды билбей турган учурда жашоодогу кайтар дүйнө деген мыйзамды эстен чыгарбаш керек. Биз бүгүн жылан болуп кимдир бирөөнү жаман сөз менен ууктуруп өлтүрө турган болсок, эртең анын кайтарымы сөзсүз келерин билишибиз керек. Аары болуу бул жашоодогу негизги милдетибиз деп түшүнөлү.
Айгерим Кубатбекова