Бала бойдо болгондон тарта 2 жашка чейинки аралык 1000 күндүк мүмкүнчүлүк күнү деп айтылат. Бул учурда бала кандай тамактанса кийин ден-соолугу ошого жараша болот. Андыктан балаңыздын саламаттыгы үчүн туура тамактандырууда эмнелерди эске алууңуз зарыл педиатр Диляра Искакова айтып берет.
Эмчек сүтү бала үчүн табылгыс азык
2 жашка чейин мүмкүн болушунча баланы эмчек сүтү менен азыктандырганга аракет кылуу зарыл. Эне сүтү аркылуу бала өзүнө иммунитет керектүү заттарды алат. Ал эми 6 айдан баштап, балага кошумча тамак берип баштайбыз. Кошумча тамакты аз-аздан бөлүк-бөлүк кылып кошуп отуруп, 150-200гр чейин 2-3 маал берүү талапка ылайык. Картошка, капуста, брокколи, ашкабак болобу 1 боткого 5 түрлүү азык кошконго аракет кылыш керек. 5 түрлүү азык болгондо ичине суу май, кургатылган жашылча жемиштер, жаңгак, өрүк, мейиз, как. Таруу жана күрүчтөн жасалган боткого дагы кургатылган жемиштерди бир күн мурун чылап коюп эзип же майдалагычтан өткөрүп ийип кошуп берген абдан пайдалуу.
Кошумча тамактандырууда эмнелерди эске алуу керек?
1 жаштан ашкан балага 5 маал тамак бергенге аракет кылуу керек. Эртең менен түштө жана кечинде 3 маал ысык, суюк тамак жедирүү зарыл. Ошондой эле баланын бир күндүк рационунда сөзсүз эт, сүт азыктары жана жашылча жемиштер көбүрөөк болгону туура. Ал эми таттуудан баш тартканга аракет кылуу керек. Негизи эле бир жашка чейинки баланын тамагына шекер жана туз кошпоого чакырат элем. Бул баланын келечекте кандайдыр бир өнөкөт ооруларга чалдыкпоосуна шарт түзөт. Шекерге көнүп алган бала аны көбүрөөк колдонуп баштаса кийинчерээк кант диабети менен ооруп калуусу мүмкүн. Ал эми тузду көп пайдаланган айрыкча курут жеген балдар кийин өнөкөт кан басым менен ооруп калуулары мүмкүн.
1 жашка чейинки балдарга уйдун сүтүн бербөө керек
Себеби дегенде уйдун сүтү эненин сүтүнөн айырмаланып, ичегиге киргенде жакшы сиңбейт. Ичегиден боор аркылуу канга жакшы өтпөй, жарачаларды пайда кылып кан аздуулукка алып келет. Ошондой эле бөйрөккө таасирин тийгизет.
Кош бойлуу кезде туура тамактануу маанилүү
Кош бойлуу кезде энелер аллергия пайда кылуучу газдалган суусундуктар, тез татым жана түрдүү катырактарды жегенге болбойт. Себеби, алардын курамы туура эмес, пайдасыз. Андан сырткары лимон, апельсин, мандаринди мүмкүн болушунча азыраак жегенге аракет кылуу керек. Шоколад, печеньелерди аз жегенге аракет кылуу зарыл. Себеби, алардын курамында транс майлар, организмге зыян алып келген заттар көп. Түрдүү таттуулар организмдеги иммунитти гана түшүрбөстөн башка өнөкөт ооруларды дагы чакырат. Кош бойлуу кезде эне болушунча жашылча жемиштерди көбүрөөк жегенге аракет кылганы туура. Андан сырткары кызыл эт деп коебуз малдын этин жеш керек. Себеби, боюнда болгон аялдын каны ылдыйлап кетет мунун калыбына келтире турган уйдун, койдун жана кызыл эттер эсептелет.
Балдарды туура тамактанууга көндүрүү маанилүү
Айгерим Кубатбекова