Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында Ат-Башы райондук электр тармагы бир катар реконструкциялоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Аталган электр тармагынын Ат-Башы участогунун мастери Алтынбек Токтакуновдун айтымында, бул иш быйылкы жылы Ача-Кайыңды айылына пландалганын белгиледи:
«Быйылкы жылы Ача-Кайыңды айылындагы жараксыз зым тиректерди жана аба чубалгыларын алмаштырып жатабыз. 10 кВ болгон 1200м аба чубалгысын алмаштырып, 28 жаңы цемент зым тиректерин орноттук. Ошондой эле 14кВ болгон 1000м аба чубалгысын жана дагы 30 зым тиректерди алмаштырдык.
Материалдарды «Востокэлектро» бөлүп берген жана биздин иш планга кирген. Ошонун негизинде кышкыга даярдык катары иш алып барып жатабыз. Дагы 2 күндүк жумушубуз калды. Реконструкциялоо учурунда айылдын электр тармагын өчүргөнгө туура келип жатат. Айрымдары түшүнсө, айрымдары туура эмес кабыл алып жатат. Бул дагы болсо кыштын күнү үзгүлтүксүз электр таратканга өбөлгө түзүлүп жатат. Андыктан азыр бир аз ыңгайсыздык болсо дагы, кышкысын жакшы болот деген ойдобуз.»
Асел Уркунбаева