Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 2 окуучусу Нарын облусунда уюшулган Билим кербенинде алдыңкы орундарды алып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту.

(Солдон оңго) Токтобаева Гүлсүнай, Гүланда Асанова, Замирбек кызы Хадича
Бул тууралуу маалыматты аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүланда Асанова билдирди:
«Китеп кербени 2019-ж уюшулуп, бир адамдан бир китеп деп көп жерлерде өткөрүлгөн. 1-туру мектепте өткөн жана андан 3 окуучу 2-турга өткөн:
Токтобаева Гүлсүнай, Замирбек кызы Хадича,Алмазбек кызы Диана. 2-туру быйыл мартта өтүп, биздин 2 окуучу областык турга өткөн. Ал эми 3-туру 27-майда «Китеп той» деген аталыштагы иш-чара менен өттү. Токтобаева Гүлсүнай жогорку балл алгандардын катарын толуктап диплом менен сыйланса, Замирбек кызы Хадича 70 окуучунун арасынан 2-орунду алды. Албетте, окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз жана бул сыяктуу иш-чаралар ар дайым болуп турса, окуучулардын китепке болгон сүйүүсү артат деп ишенем».

Китеп тойго беделдүү аты чыккан инсандар чакырылган
Ал эми экинчи орунду багындырган Замирбек кызы Хадича жогорку окуу жайга бекер окууга мүмкүнчүлүк алып, сүйүнүчү менен бөлүштү:
«Мен учурда 11-классты Ой-Терскен орто мектебинде аяктап жатам. Бул конкурска мен өзүмдү сынап көрөйүн деп катышып калгам. Биринчи тур Мамбетасан Ибраевдин «Эмне үчүн китеп окушубуз керек» деген китеп менен өткөн. Ал жактан 3-орунду алгам, экинчи турунда «Биз эмнеге муктажбыз» деген китеп менен өтүп 1-орунду ээлегем, анда 50 суроо менен тест болгон.
Ошентип, 3-турга келип «Болор бала» аттуу Хакан Метандын кыргызчага которулган китеби менен даярданып 2-орунду алдым. 70 суроо болуп, 67 суроосуна туура жооп бериптирмин. 3-турга абдан жакшы деңгээлде даярдангам. Конкурста 70 бала болду. Аябай толкундандым, бирок өзүмө ишендим. Бул турда жеңүүчү болуп, мен Samsung Tab A үлгүсүндөгү планшет, кубок, диплом жана ушундай сыяктуу белектерге ээ болдум. Ушуну менен бирге демөөрчүлөр 4 жылдык контрагымды төлөп бермей болушту. Аны менен кошо айына 4000 сом стипендия каралды.

Орун алганыма ишене албай турдум
Орун алып менин атым чыкканда абдан сүйүнүп толкундандым, орун алганыма башында ишенип ишенбей турдум. Бул белектер бизге китеп тойдо тапшырылды, тойго көптөгөн беделдүү адамдар катышып бизге насааттарын айтышты. Бул долбоордо мен көп нерсени өзүмө ала алдым, жана китеп окууну адатка айланттым. Бул долбоорду уюштурган Мамбетасан агайга жана жардамчыларына терең ыраазычылык билдирем».

Атайын дипломго ээ болгон Гүлсүнай Токтобаева сынактын жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи
Ал эми Гүлсүнай Токтобаева райондун, мектептин ишеничин актап келгенине кубанычта экенин айтты:
«Мен конкурска былтыркы жылдын бери катышып келе жатам, 27-майда өткөн жыйынтыктоочу сынакта мен диплом жана белектер менен сыйландым. Мектебибиздин, айылыбыздын, районубуздун ишеничин актап, ийгиликтүү келгенибизге абдан кубанычтабыз. Долбоордун башынан аягына чейин колдоо жана ишеним корсоткон менин ата-энеме, жакындарыма, Ой-Терскен орто мектебинин жалпы жамаатына жана «Биздин муун» кайрымдуулук мекемесинин мүдүрү Мөндүрбаев Кошой агайга терең ыраазычылыгымды билдирем. Сынак баштан аяк жогорку деңгээлде өткөрүлдү».
Облустук деңгээлде дебат өткөрүлдү
Асель Үркүнбаева