Биз көпчүлүк учурда ачууланууну алсыздык, гендердик жактан дагы эркектер ачууланууга, ал эми аялдар кайгырууга көбүрөөк ыкташат деп эсептеп, жумуш учурунда ачууланууну көрсөтпөө керек деген ой-пикирдебиз. Психологдор ачууланууну жашыруу эмоционалдык жактан чарчоого алып келерин айтышат. Адамдар ачууланууну көрсөтүү маанилүү экенин түшүнүү зарыл. Жана муну айланага зыян келтирбей жасай билүү керек. Алдыда бул абал боюнча психолог Зейне Кудайбергенова кеңири сөз кылат.

1. Ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот?
Ачуулануу – бул адам окуяны, жагдайды, башка адамдын иш-аракетин же сөзүн чабуул (коркунуч) катары кабыл алганда пайда болгон эмоциялык реакция. Ал катуу кыжырдануу, нааразычылык менен коштолот жана маңызы боюнча болгон окуяга каршылык болуп саналат. Ачуулануу – негизги жана ошол эле убакта эң күчтүү эмоциялардын бири.
Ачууланган адам ар дайым чыңалат, анын жүрөгү тезден согот, анын бүтүндөй денеси мобилизацияланат, ал катуу тартылган кылга окшош калат. Ачууланганда адамда көп энергия пайда болот – ал коргонууга же каршы чабуул кылууга даяр болот. Бул күч-кубат кайдан алынат? Мобилизацияланган жана дүүлүккөн адамда көптөгөн гормондор, анын ичинде адреналин (“коркуу же согуш гормону” деп аталган), кортизол (стресс гормону), серотонин (ооруну көңүлгө албоого жардам берген гормон), допамин (“сыйлоо гормону”) жана тестостерон (“күч-кубат жана эрдик гормону”) бөлүнүп чыгарын медиктер белгилешет.
Ачууланган адам өзүн көзөмөлдөй албай калат, кийин өкүнүп кала тургандай сөздөрдү айтып же бир нерсе жасашы мүмкүн. Ошондуктан, “ачууга алдырып койду”, “ачуу душман” деген сөздөр көп айтылат. Алардын баары ачуулануу – бул күчтүү дүрмөттөлгөн күч-кубат экенин баса белгилейт. Эгерде ачуулануу бир адамды эмес, бүтүндөй бир топту камтыса – бул социалдык каршылыктарда, митингдерде, куралдуу кыйратууда, ал гана эмес революцияларда чагылдырылат. Бул тигил же бул социалдык топту нааразы кылган, жашоо шарттарын өзгөртүү үчүн ачуулануу керектүү күч-кубатты мобилизациялоого мүмкүнчүлүк түзө турганын көрсөтөт.
Физиологиялык көз караштан алганда ачууланууну таанып билүү өтө оңой, анткени анын симптомдору ачык жана даана көрүнүп турат – карек кичирейет, бет кызарат, булчуңдар чыңалат жана башка. Бирок психологиялык деңгээлде картина кыйла татаал болот: адам өзүнүн ачуулануусун кыжырдануу же таарыныч деп атап, ачууланууну татаал “комплекстүү” сезимдердин (мисалы, көрө албастык) курамында сезет – жыйынтыгында аны таанып билбеши мүмкүн.
Кыжырдануудан же таарынычтан айырмаланып, ачуулануу басмырланат: ал оор күнөөлөрдүн бири деп аталган жана адамды кандайдыр бир адепсиз каардуу адамга айландырат.
2. Эмне үчүн ачууланууга тыюу салынат жана ал туурабы?
Ачууланууга байланыштуу көптөгөн жаңылыш түшүнүктөр бар. Жогоруда белгиленгендей, ачуулануу бул күнөө дегенден тышкары, ачуулануу — бул алсыздыктын, туура эместиктин белгиси деген түшүнүк бар. Байыртан бери айтылып келаткан учкул сөз бар: “Сен ачууланып жатасың – демек, сеники туура эмес!”. Көп кылымдардан бери өзүнүн кызыкчылыктарын башкара билген жана эч качан сабырдуулугун жоготпогон адам күчтүү жана өзүнө ишенимдүү адам деп эсептелген.
Ачууланууга карата гендердик стереотиптер дагы бар. Эркектер ачууланууга, ал эми аялдар кайгырууга көбүрөөк ыкташат деп эсептелет, ошондуктан биз ачууланган аялга караганда, жини келип турган эркекти оңой кабыл алабыз. Тарыхый өңүттө бул эркектерди коомдун активдүү мүчөлөрү катары көрсөтүү түшүнүгү менен байланыштуу. Эркектин образы ар дайым күн, өсүү, жаралуу, күч-кубат жана согуш менен байланыштуу болгон. Ошондуктан, ачуулануу эркектер үчүн пайдалуу, татыктуу мүнөздөмө катары эсептелген. Мындай түшүнүктөрдө аялдар сырдуулук, түн, назиктик, сылыктык, терең кабыл алууга жана түшүнүүгө жөндөмдүүлүк орун алган карама-каршы өңүттө каралган. Албетте, мындай жаңылыш пикирден алыс болуубуз керек.
Көпчүлүк диндерде кылымдар бою “жакшы кыжырдануу”, өзгөчө бул дин душмандарына каршы болсо, пайдалуу деп саналган. Бирок ошол эле убакта ачуулануу жаман көрүнүш катары саналган жана оор күнөө деп аталган. Мунун издери азыркыга чейин заманбап коомдо ачык көрүнүп келет. Ачууланган адамдар аны көрсөтпөгөнгө умтулушат, башка сезимдер менен алмаштырышат. Мисалы, ачууну басса, ал уят катары көрүнүшү мүмкүн. Мындай психологиялык механизмде тышкы объектке каршылык өзүн өзү басмырлоого айланып, ичте катылат.
Кызматта:
Кесиптик чөйрөдө бүгүнкү күндө ачык көрсөтүлгөн ачуулануу кызматкердин беделине кедергисин тийгизиши мүмкүн. Ачуулануу алсыздык же өзүн көзөмөлдөй албоо катары чечмеленет. Адамдын ачууланууга негиздүү себептери болсо дагы, ал адам тууралуу жаман ойду жаратышы мүмкүн. Бирок бул жерде дагы гендердикке окшоп кеткен, өзүнүн стереотиптери бар: кызматкердин (көз каранды позициядагы адамдын) ачуулануусуна караганда, башчынын (начальниктин) ачуулануусу кыйла орундуу деп саналат.
Көп жылдар басылып келген, сыртка көрсөтүлбөгөн ачуулануу адамда бир катар психосоматикалык ооруларды пайда кылууга жөндөмдүү. Анткени ачууланууда бөлүнүп чыккан гормондор адамдын денесин “күжүрмөн даярдыкта” кармап, анын организмин алсыздантат. Жумушта ачууланууну көрсөтүүнүн мүмкүн эместиги кызматкерлердин чарчашынын себеби болуп калат. Ошондуктан, кардарларга карата сабырдуу болуу белгиленген кесип ээлери (дарыгерлер, мугалимдер, сатуучулар, тейлөө чөйрөсүндөгү кызматкерлер) эмоциялык чарчоого көбүрөөк кабылышат.
Ачууланууга байланыштуу ишенимдердин кылтагына кабылбаш үчүн, өзүнүн ачуусун таанып билүүнү үйрөнүш керек. Ачууланууну көрсөтүү маанилүү экенин түшүнүү зарыл. Жана муну айланага залака келтирбей жасай билүү керек.
Адамдар ортосундагы мамилелердеги ачуулануу
Эмне үчүн кадимки, дени сак адам кандайдыр бир кырдаалга жинденүү менен реакция кылат, ошол эле убакта башка адам ушул эле кырдаалга токтоо реакция кылат?..
Анткени, кыжырдануу, ачуулануу жана жинденүү терең сезимдерге жооп болуп саналат. Биринчи кезекте, өзүнүн кадыр-баркын кемсинтүү сезими жөнүндө айтуу керек. Адамды кокустан же атайлап таарынтканда, анын маанисиздигин же компетенттүү эместигин көрсөткөндө, анын кадырын кетирүүдө анын ачуусу келет.
Сөз менен же иш-аракеттер менен адамдын ички ишенимдеринин, баалуулуктарынын кадырын кетирүүдө жооп ошончолук ачуу болот. Эгерде бул баалуулуктар ал үчүн айкын жана абдан маанилүү болсо, анда аларга каршы агрессияны адам өзүнө кол салуу катары баалайт.
Адам өзүнүн пландарын кимдир бирөөнүн бузганын, койгон максатка тоскоолдуктарды дагы өзүнө кол салуу катары эсептеши мүмкүн. Бул көбүнчө эч кандай талдоосуз, аң-сезимге баш ийбеген түрдө болот. Тоскоол болгон адам же топ ачууланууну жана агрессияны пайда кылат.
Ачуулануу жөнүндө айтууда, бизде бардык эмоция жашаганга укуктуу экенин түшүнүү маанилүү. Башкаларга караганда алгылыктуу деп саналган сезимдер болбойт. Ачуулануу терс эмоция деп саналат, бирок ал канчалык туура жана конструктивдүү көрсөтүлгөндө гана маанилүү. Ачууланууну башкарууга жөндөмсүздүк чыр-чатактарга, таарынычтарга жана кайгылуу аякташы мүмкүн болгон, мамиленин бузулушуна алып келет.
3. Өз ара мамилелерде ачууланууну кантип көзөмөлдөөгө болот?
Биз үчүн маанилүү болгон адамдар ортосундагы мамилелерде сезимдерди, анын ичинде терс сезимдерди көрсөтө билүү абдан маанилүү. Мунун аркасында биз башкаларга түшүнүктүү болобуз жана өз кезегинде башка адамды түшүнө билебиз. Биз сезген эмоциялар мамилелерди бузбашы үчүн, баарлашуунун бир нече эрежелерин сактоо керек.
Биринчи эреже, эгерде сиз ачууланып турсаңыз, “букту чыгаруу” үчүн токтоп калууга тиешелүү. Ар дайым эле буркан-шаркан түшкөн сезимдерди токтотуу мүмкүн эмес, бирок “токтолуп жана жүзгө чейин саноо” адаты сөздөрдү тандоодо да, болжолдуу катаал иш-аракеттердин толук жөнү жоктугун түшүнүүгө да жардам берет. Ачуулануу – бул тез эмоция, аны байыркы заманда “от стихиясына” киргизишкен. Ал өтө тез тутанат, бирок ал көпкө созулбайт.
Көп учурда ачууланууну токтотууга өзүнүн абалын түшүнө билүү жөндөмдүүлүгүн жогорулаткан практика жардам берет. Бүгүнкү күндө ачууланууну башкаруунун көптөгөн жолдорун тапсак болот: дем алуу көнүгүүлөрү, йога, медитация, спорт, сейилдөө, аңгемелешүү. Оюн топтоого жардам берген, өзүнчө обочо болуу дагы жакшы каражат болуп саналат.
Экинчи эреже, ар бир адам өзүнүн жеке сезимдери үчүн тарта турган жоопкерчилик тууралуу айтылат. Ачууланган адам дээрлик ар дайым анын жинин келтирген жагдай башкалардын күнөөсүнөн улам болду, жагдайга күнөөлүү бирөө бар жана сырттан кимдир бирөө ачууну келтирди деп эсептешет. Бирок биздин эмоцияларыбыз өзүбүздө камтылган, ушундан улам, адам белгилүү бир деңгээлде өзү сезген сезимдердин себеби болуп саналат.
Үчүнчү эреже, бардык ачуулануу кырдаалдан же башка адамдын жүрүм-турумунан улам, бирок алардын өздөрүнөн эмес, анын мүнөзү менен эмес пайда болоорун эскертет. Жеке адамга тийбеш үчүн жана башкаларды кемсинтпеш үчүн, муну эстен чыгарбаш керек. Ачууңуз келгенде адамдын инсан катары сапаттары жөнүндө эмес, анын жоругу жөнүндө айтыш керек. Мисалы: “Сенин калпычы экениң ачуумду келтирди” эмес, “Сенин калпың менин ачуумду келтирди”.
Төртүнчү эреже биздин меники туура деген ишенимибизге тиешелүү. Ачууланганда бир адамдын чындыгы сейрек учурда гана башка адамдын чындыгы болоорун эстен чыгарбаш керек. Ошондуктан, баарлашууда өзүнүн көз караштарын аңгемелешкен адамдын көз караштарынан бөлүү адаты пайдалуу болот. Сиздики гана туура, ал эми башка адам сөзсүз жаңылышып жатат деген идея кыжырдануунун булагы болот. Ал бизди башка, балким, пайдалуу көз караштарга карата дүлөй кылып коет. Көп учурда талаштагы чындык ортодо болот. Ар бир адам өз позициясын коргоого укуктуу, бирок бир дагы адам чындыктын булагы болуп саналбайт.
Акыркы эреже дүйнөнү идеалдаштыруунун коркунучу тууралуу айтып турат. Көпчүлүк адамдарда кынтыксыз достук, идеалдуу сүйүү жана эң туура, кемчиликсиз адилеттүүлүк жөнүндө реалдуу эмес, фантастикалык түшүнүктөр жашайт. Биз бактылуу болуш үчүн, курчап турган дүйнө биздин ушул түшүнүктөргө шайкеш келиши керек деп божомолдойбуз (ар дайым эле түшүнбөй туруп). Бирок реалдуу жашоодо идеалдуу дүйнө жөнүндө биздин түшүнүктү баары эле бөлүшө бербейт. Ошондуктан, башка адам менен пикир келишпестикте ар бириңиздер үчүн достук, адилеттүүлүк же сүйүү эмнени түшүндүрө турганын талкуулоо керек. Бул ортоңуздарда пайда болгон чыр-чатактын мааниси эмнеде экенин түшүнүүгө шарт түзөт.
4. Ачуулануу чынында эмнеден кабар берет?
Адамдар көбүнчө үй-бүлөсү, достору жана сүйүктүүсү жөнүндө сөз болгондо ачууланат. Биз көңүл кош болгон адамдарга карата айтылгандарга ачуулануу өтө сейрек болот. Бул ачуулануу – биз үчүн ачуулануу предметинин маанилүүлүгүн көрсөткөн эмоция, ал биздин мамилелерге кызыкдар экенибиз жөнүндө белги берет. Ачуулануу – бул адамдар ортосундагы байланыштын интенсивдүүлүгүнүн жана тереңдигинин далили.
Ошондуктан, мамилелерди сакташ үчүн, ачуусун башкарууну үйрөнүү жана мүмкүн болушунча, ага сизди башкаруу укугун бербеш керек.
Ачуулануу бизге акыл тутумуна караганда, биздин баалуулуктарды жакшы көрсөтүп берет. Мындан тышкары ал адам үчүн күч-кубаттын маанилүү булагы болуп саналат. Так жана туура багытталган ачуулануу таарынтпайт, социалдык жараатты ачууга, көңүл коштукту көрсөтүүгө, өз укуктарын коргоого жардам берет. Ал ар бир адам сый-урматка, эркиндикке, ишенимге жана сүйүүгө татыктуу экенин эскертет. Анткени эгерде мындай болбосо – жек көрүү жана көңүл коштук эч кимге зыян келтирмек эмес.
Ачууланууну туура чечмелей билүү – заманбап психологиянын жетишкендиктеринин бири. Ачууланган адамдар айланадагыларга маанилүү бир нерсени жеткирүүнү, балким – бизди кандайдыр бир коркунучтан коргоону каалашат. Келиңиздер, ушул “маанилүү” эмоцияны бизди оңой уккандай көрсөтүүнү үйрөнөлү. Жана да ачууланууну жашообузда жакшынакай көрсөтө билели.
Бул материалдарды дагы сунуштайбыз:
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепетиПсихолог: Ата-энелерге бул китептерди сунуштайт
Психолог: «Азыркы балдарга эмоционалдык байланыш жетишсиз болуп жатат”
Баш ооруну дарылоодон мурда оорунун себебин аныктоо керек
