Жергиликтүү бийликтин ишмердигин чагылдырууга багытталган “Ачык өкмөт” долбоору башталды. Мында аймактардагы медиа борборлордун кабарчылары жергиликтүү бийликтин жасаган иштери, милдет укуктары тууралуу онлайн материал, аудиосюжет жана түз эфирлерди даярдашат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү жана ага караштуу кызматкерлер менен иш алып барылат.
Түз эфирлер ар бир медиа борбордун фейсбук баракчасында эфирге чыгат
Долбоорду сапаттуу ишке ашыруу үчүн долбоордун катышуучуларына 2 күндүк атайын окутуу өттү. Тренинге жети облусту камтыган 8 медиа борбордун кабарчылары катышты.
Тренерлер Касиет Кубанычбек кызы жана Айзада Калканбекова маалыматка жетүү мыйзамын түшүндүрүп кабарчыларга жергиликтүү бийликтен маалыматты алуу үчүн кеңештерди беришти.
Тренер Касиет Кубанычбек кызы аудиосюжетти даярдоодо тематиканы туура тандоо маанилүү дейт
Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан колдоого алынууда.
Кыргыз Республикасындагы Фридрих Эберт фондунун илимий кызматкери Дарья Гаврющенко
Эки күн ичинде аудиосюжетти кызыктуу даярдоо, түз эфир өткөрүүдөгү техникалык каталар, онлайн материал жасоодогу артыкчылыктар тууралуу айтылды.
Медиа борбордун кабарчылары тренерлер менен бирге алдыдагы 2 ай үчүн иш план түзүштү. Анда жазгы талаа иштериндеги айыл өкмөтүнүн катыштыгы, жергиликтүү кеңештин депутаттыгынын ишмердиги, билими жана башка темаларда уктуруулар даярдалат.
Буга чейин аталган фонд тарабынан «Демократия сааты» долбоору ишке ашырылган.
Зыйнат Самар кызы