Ак-Талаа районунун Баетов айылында Тун-Ук жамааттык мультимедиа борбору эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун максаты Баетов айылынын тургундарын медиа маалыматтуулук сабаттуулук, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча кабардар кылуу болду.
Баетов айылында медиа маалыматтуулук сабаттуулук боюнча жолугушуу болду
11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосу менен бирге референдум дагы өткөрүлөт. Жолугушуунун алкагында Баетов айылынын тургундарынын алдыдагы шайлоого карата ой-пикирин уктук.
Балдарга билим берүү борборунун мугалими Венера Молдакунова
«Албетте, шайлоого барып катышам. Анткени, жарандык милдетимди аткаруум керек. Өзгөрүүлөр болот деген ойдомун. Шайлангандар Ак-Талааны өнүктүрөт деп ойлойм. Шайлоо адилеттүү, таза өтөөрүнө ишенем», — дейт Балдарга билим берүү борборунун мугалими Венера Молдакунова.
Жаштар уюмунун мүчөсү, активист Тимур Токторбек уулу
“ Референдумдун жаңы долбоору менен тааныша элекмин. Буюрса бүгүнкү жолугушуудан кийин сөзсүз окуп чыгам деп жатам. Шайлоого барып, жарандык милдетимди аткарам. Бул ар бир кыргызстандыктын мекен алдындагы милдети. Шайлоодо эл тандайт. Мен да өзүмдүн жеке оюм менен тандоо жасайм”, – деген пландары тууралуу Жаштар уюмунун мүчөсү, активист Тимур Токторбек уулу бөлүштү.
Аялдар кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Айнура Султанмуратова
“Жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлагандан кийин алар өз позициясын так аткарып, элди карап иштеп, пайдалуу маселелерди чечсе… Көп өзгөрүүнү күтүп жатам. Мындан улам, шайлоого сөзсүз катышам. Референдумдун жаңы долбоору сунушталып жатат. Азыр толук таанышып бүтө элекмин”, — деп билдирди аялдар кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Айнура Султанмуратова.
Бул ой-пикирлерден тышкары биз Баетов айылынын 50 тургунуна онлайн сурамжылоо жүргүздүк. “Сиз референдум жана шайлоого барып, добуш бересизби?” – деген суроого 50 адамдын 80% ооба деп жооп берген, бирок ошол эле учурда алардын 60,8% Баш мыйзамдын жаңы редакциясы менен таанышкан эмес.
Сурамжылоо
Шайлоого элдин даярдыгынан тышкары, Баетов айылындагы №4091 участогу дагы даярданып жаткандыгын билдирди. Бүгүнкү күнгө чейин каза болгондорду толук тизмеден чыгарып бүттүк дейт төрайым Бактыгүл Мамытова.
Баетов айылындагы №4091 шайлоо участогунун төрайымы Бактыгүл Мамытова
“Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев орто мектебинде 4091 шайлоо участкасы жайгашкан. Бул участкада 2139 шайлоочу катышат. 11-апрелде өтө турган шайлоого даяр болуп калдык. Тизмени тактоо иштери бүттү” – дейт Бактыгүл айым.
Жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдыктар жүрүүдө
Касиет Кубанычбек кызы