Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы № 4131 шайлоо тилкесинде учурда 2138 шайлоочу бар. Шайлоочулардын эң улуусу 103 жашта болсо, эң жаш шайлоочу 18 жашка жаңы толду.
Шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу № 4131 шайлоо тилкесинин төрагасы Мирлан Кыдырбаев төмөнкүлөргө токтолду:
«Биздин шайлоо тилкесинин комиссия курамында жалпысынан 14 адам иштейт. Алардын экөө идентификациялык оператор, экөө АСУ аппаратында иштейт, 1 катчы, 1 төрага, ал эми 8 адам шайлоочуларга кол койдуруп, бюллетень беришет. Шайлоо өтүүчү зал жылуулук менен камсыз болгон, идентификациялык аппараттар, ноутбук алынып келинген. Жогорку ылдамдыктагы интернет туташтырылды. 27-март саат 18-00 гө чейин ар бир жаран өзүн тизмеден карап, фамилиясы жана атындагы каталарды тактап кетсе болот. Жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча ар бир шайлоочуга бир жолу пайдалануучу бет кап жана кол кап берилет, антисептик да каралган. Талапкерлердин жалпы саны-19. Алардын ичинен 12 эркек, 7 аял. Негизинен шайлоо тынч, тартипти сактоо жана мыйзам чегинде өтөт деген ойдомун».
«Кара-Суу айылындагы № 4131 шайлоо тилкесинде шайлоого даярдык жакшы. Комиссия мүчөлөрү график менен күзөткө турушууда. Шайлоочулардын тизмелери илинген, айыл тургундары өздөрүн тизмеден карап, тактап кетип жатышат. Эгерде өздөрүн тизмеден таппай калса, базадан тактап алса болот. Ошондой эле талапкерлердин да аткара турган программалары илинген, алар менен дагы таанышып кетсеңиздер болот. Жалпы комиссия мүчөлөрү уюшкандыкта иштеп жатабыз», -деп билдирди шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бактыгүл Мавлянкулова.
Бакыт Кожокматов