Ѳткѳн доордо, биздин заманга чейинки 4-5 миңинчи жылдар аралыгында, адамды товар катары сатуу кул кылып пайдалануу кадимкидей кѳрүнүш катары кабыл алынчу. Бул кѳрүнүш ошол кездеги доордун талабына жооп берген. Мына ушундай практика азыркы учурда да колдонулуп келет, бирок мындай абал азыркы коомдун талабына жараша башкача форма аркылуу иш жүзүнѳ ашууда.
Мисалга алып карап кѳрсѳк, кыз-келиндерди жумуш беребиз деп алдап, сексуалдык кул катары пайдаланышат. Логикалык жактан алганда, биздин учурдагы ѳнүккѳн адам укугу улам чыңдалып жаткан коомдо, мындай кѳрүнүш болбош керек эле. Тилекке каршы Кыргызстандык кыз-келиндер чет элде жакшы жумуш сунуштамыш болгон шылуундардын курмандыгына айланып, кул катары башка чет элге сатылып жатышат.Мунун негизги себеби катары серепчилер кыргыз жарандарынын ѳз укугун билбей, мыйзамсыз түрдѳ башка мамлекеттерге чыгып кетип жатышкандыгын белгилешет. Муну Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты Алыпсатаров Урмат да тастыктайт.
“Чет өлкөгө барып кул катары сатылып кеткен аялдарды мен көбүнчө интернет булактарынан, теле каналдардан угуп көрүп жүрөм, жумуш беребиз деп алдап алып барып анан сойкулук менен иштегенге мажбур кылган фактылар көп айтылып жатат. Бул жерден миграциянын мыйзамсыздыгынан бул иштер көп болуп жатат го деп ойлойм. Булар өз алдынча шылуун кишилерге ишенип барып алып, ушундай иштерге туш келип жатышат. Түшүнбөстүк себептер менен бат акча табам менен барып эч кандай документ толтурбай паспортун берип коюшат, анан эч кайда кайрыла албай кете албай калып жатышат.”
Адамдардын кул катары сатылгандыгы тууралуу бардык жерде маалымат жеткен эмес. Айрыкча элет жеринде. Суусамыр айылынын тургундарынан адам сатуу тууралуу маалыматыңыз барбы деп сурамжылоо жүргүзгѳнүбуздѳ алар ѳткѳн доордогу гана адам сатууну белгилешти.
“Кул катары сатылыш деген жаман нерсе, бирок азыр мындай нерсе жок алар тээ мурдагы кылымдарда болгон азыр болушу мүмкүн эмес. ”Гендердик эксперт Бакен Досалиева биздин мамлекет жарандардын бардыгын жумуш орундары менен камсыз кыла албагандыгынан ошондой эле өлкөнун экономикасынын алсыз болуусу, аялдардын кулчулукка кабылуусуна шарт түзүп жатат дейт:
“Азыркы учурда биздин кыз-келиндер өздөрүнүн укугун билбегендиктен, биздин мамлекеттин экономикалык абалдын алсыздыгынан, ушундай иштерге кабылып жатышат. Башка жакка чыгарда кыздар жарнактын өзүн текшериш керек анан жумуш сунуштаган фирманы текшериш керек, фирманын юридикалык документтерин текшериш керек, анан дагы бир кенеш паспортун башка бирөөнүн колуна бербеш керек”. Кыргызстандагы коррупциянын гүлдөшү, экономиканын төмөндүгү, адамдардын маалыматынын жоктугу, жогорку кызматтагылардын карапайым адамдарга болгон кайдыгер мамилеси ушундай сыяктуу терс көрүнүштөргө жол ачууда. Тилекке каршы чет жердеги кыйналып, нечендеген азап тозокту башынан өткөрүп, жаткан кыргыз кыз- келиндердин талкаланган тагдыры, көнүл сыртында калып, эмнеге алар эмнеден жазды деген суроо ачык бойдон калууда.
Даярдаган: Анарбек Калдыков