Азыркы учурда жаш өспүрүмдөр адеп-ахлак кризисине дуушар болгону ачык эле байкалууда. Мектепте, кесиптик окуу жайда жаштардын жүрүм- туруму сырттан караган адамга белгилүү. Жаштар азыр «акча», «пайда», «бийлик-байлык», «жеке атак-даӊк» сыяктуу түшүнүк маалыматтарга сугарылган. Эгер жаштар ушундай жол менен кете берсе жаштар арасында пайдакечтик, өзүмчүл мамиле күч алат.
Жаш муундар кыргыз элинин салтка айланган адеп-ахлагынан акырындап алыстап бара жатат. Азыркы күндө кыргыз жаштарын тарбиялоону ар бир ата-эне колго алышыбыз керек. Жаштарды адеп-ахлактык баалуулуктарына маани берип түшүндүрүү бул негизги милдет.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын ардактуу апаларынын бири Жазгүл апа бул тууралуу айтып берди. Жазгүл айым кесиби боюнча мугалим, кыргыз элинин каада-салтын терең билет. Маданий иш-чараларда активдүү катышып, айыл жаштарына кыргыз каада салтындагы адеп-ахлак маселесин көтөрүп жүрөт.
«Биз балдарды кичинесинен адептүү инсан кылып тарбиялап, балдардын айкөл сезимдерин, жакшы тилек-максаттарын жаратууга, адамзаттын тарыхый баалуулуктарын, ар бир элдин салт-санаасын сыйлоого үйрөтүүгө тийишпиз.
Адам өмүр бою тарбияланып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш-туруш калыптануусу балалык, өспүрүм кезинен башташ керек. Элибизде “Адамдын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги уяты менен адеби”деп улуу адамдар айтып келишет.
Адептүү болгула деген сөздү биз көбүнчө ата-энебизден, улуу муундагы адамдардан көп угабыз..
Адептин бир нугу ата-эненин каны аркылуу тээ башат тегинен келет деп айтышат. Адистиктен мурда адам болууга тарбиялоо керек экендигин турмуш өзү ырастоодо.
Адептүүлүктүн негизги белгилери – кичи пейилдик, жөнөкөйлүк.
Кыргыз эли байыртан адептүүлүккө төмөнкүчө бөлүп тарбиялаган:
1. Саламдашуу адеби
2. Жолдо,көчөдө жүрүү адеби
3. Мейманды ызатоо адеби
4. Маектешүү адеби
5. Тамактануу адеби
6. Кыз адеби
7. Эр жигиттин (уул баланын) адеби
Саламдашуу, учурашуу адеби — адамдардын ортосунда бири-бирин ызаттоо. Жашына, мансабына, бирөөгө көз карандылыгына карап салам берилбейт. Салам берүү баары үчүн бирдей болуш керек.
«Салам берүү-карыз, алик алуу-парз»,
«Адептин башаты-салам, иштин башаты-ыклас».
Учурашуу бул — адеп, ыйман. Учурашканга карап, алик алат, пикир, маанай жаралат (мисалы, саламга келбей калыптыр, бир нерсе болгон го, бир балээге кабылган окшойт).
Жолдо, көчөдө жүрүү адеби
Орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, жүрүм-турум эрежелерин сактоо — мунун баары адамдын тарбиясын көрсөтөт.
Эшикке чыкканда ата-энеден уруксат сурап чыкканды үйрөнгөн уулдун адебине суктанса болот. Анткени, ал уруксат суроо бул анын ата-энесине болгон урматы.
Анын үстүнө уулунун дарегин билген ата-эне сарсанаа болбойт. Ал эми санаа тартып ойлонуп күтүү бул ата-энени эрте карыткан түйшүк.
Мейманды ызаттоо адеби
Мейман, конок – сый көрүүчү адам. Кудайы конок айттырып келбейт. Мындай мейманды элибиз жогору баалаган. Аны кудайым өзү жибергендей, Кызыр-Алекисалам түнөп кеткендей сезишкен.
Меймандостук кыргыз элинин рухундагы көөнө салттардын бири. Кыргыз аялуу тамагын киши-кара келип калса уят болбойлу деп коногуна сактачу. Атына жем-чөп берип, өз малындай караган. Кетеринде токуп даярдап койгон.
Меймандарды киргизүү, сыртка чыкканда да эшик ачуу бала-чаканын милдети болгон. Бул сый-сыпаттын белгиси. Кичүүлөрдүн улуу кишилер отурган үйгө бейжоопсуз кирип баруусу адепсиздик. Эгер киришке туура келсе салам айтып кирип, ызаат кылып кайра арты менен чыгып кетиши керек.
Маектешүү адеби
Кыргызда сөздү бийик баалап, сөзгө жыгыла билген, чыгармачыл маданиятта да, жүрүш-туруш маданиятында да улуунун улуудай, кичүүнүн кичүүдөй, эркектин эркектей, аялдын аялдай орду, жолу болгон. Шайыр жакшы маанайда бол. Сүйлөшүп жаткан адамга кызыктуу сүйлө, бирок тажатпагандай бол.
Тамактануу адеби
Дасторкон чекесинде отурганда жасоого болбой турган нерселер бар. Ага азыр көп жаштар маани беришпейт.
Даяр болгон тамакты күттүрбөйт. Тамактанып жатканда көп сүйлөбөйт. Тамакты чалпаңдатып чайнабайт. Тамак жеп жатканда оозду жаап чайноо керек. Суюк тамактарды шорулдатып ууртабайт. Тамакты оозуна толтуруп алып сүйлөбөйт, күлбөйт. Эгер маанилүү сөз сүйлөй турган болсо, оозундагы тамакты жеп бүтүп анан айтуу керек. Бирөөнүн алдындагы тамакка кол сунуп жебейт, өз алдынан гана жеш керек. Булардын баары адамдын маданиятынан, адебинен кабар берет. Тамакты жатып алып же басып жүрүп жебейт.
Кыз адеби
«Кызы бардын – ыракаты бар»
Кыздын отуруп – турганы, тамак ичкени, бирөөлөр менен саламдашканы, сүйлөгөнү, күлгөнү баары көзөмөлдө болгон. Мындай көзөмөл кыздын адептүү өсүшүнө, жакшы жар, эне болушуна көрүлгөн камкордук катары гана каралган.
Эркек баланын адеби
Ата-энелер эркек уулдуу болсо, «тукум улай турган урпак жарыкка келди» деп кубанып, чоң той берип сүйүнүшкөн. Бирок ошол эле учурда элдик жүрүм-турум эрежелери боюнча эркек балдарга карата да тыюулар бар болгон. Балага тыюу салган ырымдардын бири – бул таекесине кол тийгизбөө. Элде жигиттин үч журту – ата журту, тай журту, кайын журту болот деп айтылат. Бул эненин төркүндөрүнө — тай журтка болгон сыйды, урматты билдирген. Эненин төркүндөрүн сыйлоо – бул энени сыйлоо дегени.
Мына ушул маектешүүдөн кийин эл арасында айтылып жүргөн макалдарды эстедим. Мындай макалдар жакшылыкка гана үндөп, келечектеги жаш муундардын адептүү өсүшүнө жакшы жөрөлгө болот».
Подкаст: Жаш балдарга карата каада-салттар
Турсун Омуралиева