Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 15-февраль Афганчылар жана 23-февраль ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата жолугушуу болду. Жолугушууга келген афган ардагерлери ошол кездеги башынан өткөн оор кундөрдү эскеришип, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Ал эми Куралдуу Күчтөрдүн жана Афган ардагерлердин Чүй облустук Кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.Беккелдиев окуучуларга “Эрдик сабагын” өттү.
“1989-жылы Советтик Армиянын жоокерлерин Афганистандан чыгарып баратканда баарыбыз ыйладык. Анткени жүрөгүбүздө эки өкүнүч бар эле. Бири чогуу кызмат өтөгөн көп досторубуз окко учту, экинчиси тирүү өз Мекенибиге кайтып баратканыбыз болчу” дейт каарманыбыз.
Даярдаган: Б. Мамытбекова