2015-жылдын 19-февраль күнү Кошбулак аймактык Поселкалык башкармалыгында 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Элдик жыйын (сход) өткөрүлдү. Жыйынга шаардык Кеңештин төрагасы К. А. Исмаилов, шаардын прокурору А. Д. Анарботоев, шаардын Ички Иштер бөлүмүнүн начальниги А. А Аширбаев, шаардын Башкы санитардык врачы М. Исканов, шаардын башкы ветеринардык врачы У. Абдурасулов жана коомдук өз алдынча башкаруу аймактарынын башчылары катышты.
Жыйынды Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов ачып алып барды. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча ага аймактык тескөөчү майор Х. Паизов жана балдар менен иштөө ага инспектору майор Б. Досов отчет беришти. Жыйынтыгында отчеттор талкууланып «жакшы» деген баа берилди. Экинчи маселе боюнча М. Исканов жана У. Абдурасуловдор эхинококк боюнча маалымат беришти. Үчүнчү маселеде ар түрдүү маселелер боюнча суроолорго Шаардык Кеңештин төрагасы, прокурор жана милиция начальниги жооп берип жыйынтыгында 2015- жылы биргелешип аткарылуучу приоритеттүү маселелер аныкталды.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров