Кошбулак аймактык башкармалыгынын бардык социалдык мекемелеринде Мекен коргоочуларынын күнүн утурлап жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо үчүн атайын иш чаралар өткөрүлө баштады. «Мурас» бакчасынын даярдоо тайпасынын балдары өтө жакшы даярдыкта тарбиялык ачык сабак көрсөтүп беришти.
«БУУнун Тынчтык Инфраструктурасы долбоору менен ачылган бул бала бакча чындыгында долбоордогу күтүлүүчү натыйжалардан да көп жыйынтык бере баштады. Бакча башчысы Уриниса Амированын, эмгек жамаатынын аракеттери өтө жакшы«- дейт долбоордун автору жана иш жүзүнө ашырган, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакытбек Сапаркулов.
Кабарчы: Гулмира Садридин кызы