Кошбулакта 3G интернет байланышы иштей баштады. Байланышты Билайн операторлору камсыз кылат. Бул үчүн атайын антенна орнотулду. Антенна Кошбулактын борбордук бөлүгүндө Аксакалдар үйүнүн бет маңдайына орнотулгандыктан кээ бир жарандар антеннадан кеткен микро толкундар зхыян алып келиши мүмкүн деп кооптонууда. Ошондуктан бул меселеге так жооп алуу үчүн Сүлүктү шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы Мусуратилла Искановго кайрылганыбызда: «Антенна кайсыл жерде жайгашпасын адамдын ден-соолугуна зыяны жок. Бул кадимки эле радио толкун»— деп жооп берди.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров