Сүлүктү шаарынын борбордон эң алыс облустук маанидеги шаар экендигине карабастан, №9- мектеп гимназиясы окуучуларынын билим көрсөткүчүн республикалык деңгээлге чыгарууга жетише алды.
Учурда Мамлекетибиз билим баалуулугуна өзгөчө көңүл бөлүп жатканына Республикалык Олимпиаданын катышуучуларын премьер-министр Сапар Исаков өзү куттуктаганын мисалга алсак жетиштүү болоор. Ошол эле учурда ар бир облус борборунда, чоң шаарларда окуучуларды даярдоо үчүн акы төлөнүүчү курстардын көп түрдүүлүгү, жогорку окуу жайларында контракттын баасы бир жылга 6 миң долларга (400 миң сом) чейин жетип, акы төлөп окуу да коомчулугубуз тарабынан билим баалуулугуна жеткиликтүү маани берилип жатканын айгинелейт. Агартуу майданын анализ жасасак: Улуттук жатак-гимназиялар, облустук жатак-гимназиялар, 2 миң доллар менен окуткан турк лицейлери, техникалык-тереңдетилген лицейлер, араб фонддору тарабынан каржыланган жатак-мектептер, лицейлер, жогорку окуу жайларынын алдындагы мектептер жана 2100 ашуун орто мектептер болуп, жалпысынан 1 млн 36 миң окуучу 2017-2018- окуу жылында окуп жатат. Бул албетте, билим дүйнөсүндө чоң атаандаштык экенин билдирет.
Чоң атаандаштык шартта, өзүнүн имараты, компьютерлери жок болгонуна карабай окуучуларын республикалык деңгээлде чыгарган мектеп-гимназиясынын директору Базаргүл Рустамова жөнүндө, социалдык педагог, чыгаан мугалим Ракыя Молдоканова: «Өзү жетектеген мектепти республикалык бийиктикке жеткирүү ар бир эле жетекчинин бир өмүрлүк максаты, кыялы. Бирок кыялдар оңойчулук менен эле орундалбайт да. Келечек муундарын тарбиялоо жаатында катардагы мугалим болуп, «мугалим»- деген атка татыктуу болуу өзү оңой эмес. Базаргүл Рустамова болсо мыкты педагог болуу менен, көсөм жетекчи катары да ар тараптуу жетишкен менеджер катары шык жөндөмү менен, инсандык бийик сапаттары менен жетише алды. Кадр тандоодо «адистин жакшы жагын көрө бил»- деген жана «идеалдуу адис болбойт, аны тарбиялоо керек»- деген принциптери бар деп билдирет.
Математик жана чыгаан педагог Бүүниса Айтемирова: «Директорубуз Базаргүл Саттаровнанын өзгөчө жагы, ар бир мугалим менен жекече иш жүргүзүп, мугалим чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзүп бергенинде,»- деп оюн билдирди.
«Базаргүл Саттаровна, Эмгек Сиңирген мугалим Лейлектеги №3- гимназиянын директору Мадаминов Гапыр Маматкуловичтин илимий-эксперименталдык эмгектеринин негизинде, Сүлүктүнүн шартына ылайык иштеп чыккан педагогикалык иштелмелер системасын 10 жыл бою практикада колдонуп, жылдан- жылга улам заманбап теорияларга айкалыштырып олтуруп жетишүүдө. Мен алгачкы башталгыч класстын мугалими катары, Базаргүл Саттаровна кандай тоскоолдуктарга, кыйынчылыкка кабылып, ошонун бардыгын сабырдуулугу менен жеңип келгенин белгилеп кетемин,»- дейт башталгыч класстар мугалими Чынара Халова.
Компьютер заманында, борбордон алыс, өзүнүн имараты жок болгонуна карабастан, окуучуларын республикалык деңгээлге гуманитардык илимдер менен так илимдерди бир даражада чыгарууга жетишкен сырларын, Рустамова Базаргүл Саттаровнанын өзүнөн билип, кийинки макалаларыбызда жарыялайбыз.
Даярдаган:Анварбек Тухтаров