«Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» She Starts коомдук бирикмеси USAIDдин «Агросоода» долбоорунун колдоосу менен 2023-жылы 21-июнда Ош шаарынын Классик отелинде Айыл-чарбада айымдар жана жаштар – «Агро Айым – Агро Жаштар» долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасын өткөрдү.

«Агро Айым – Агро Жаштар» форумунун максаты — долбоордун жыйынтыктарын жана жетишкендиктерин маалымдоо. Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы аялдар жана жаштар жетектеген айыл чарба ишканаларынын жаңы рынокко кирүү, жаңы технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жана каржылоону тартуудагы мүмкүнчүлүктөрүн жана кыйынчылыктарын талкулоо.

Аталган Форум Соода өнөржай палатасынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү, мамлекеттик каржылоо мекемелеринин Ош облусундагы жетекчилери, кызматкерлери жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун агро ишкерлеринин катышуусунда өттү.

Депутат Эльдар Сулайманов өз сөзүндө “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолордун киргизилгендиги тууралуу айтты. Бул мыйзам агроишкерлер үчүн да пайдалуу шарттарды түзөрүн белгилеп кетти.
Региондорду өнүктүрүү фонду, Өзбек-Кыргыз Фонду, Айылбанк ААК, РСК Банк ААК мамлекеттик каржылоо мекемелеринин Ош облусундагы жетекчилери жана кызматкерлери “Айыл чарбасындагы айымдар жана жаштар үчүн финансы каражаттарынын жеткиликтүүлүгү” деген темадагы талкулоого катышышып, агроишкерлер финансы каржаттарын тартуу боюнча актуалдуу маалыматтарга ээ болушту.
«She Starts» коомдук бирикмеси «Айыл чарбада айымдар жана жаштар – «Агро Айым – Агро Жаштар» долбоорун 2022-жылдын август айынан тартып ишке ашырып келет. Бул долбоордун алкагында үч областтын 210 ишкер айымдарынын жана жаштарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар аткарылды.