Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак -гимназия мектебинде 58 бүтүрүүчү болсо, анын 57 окуучусу Жалпы Республикалык тестте жогорку балл алышкан.
Окуучулардын жетишкендиктерине предметтик мугалимдердин баары окуучуларга өзгөчө көңүл буруп, кошумча сабактарды өтүп келгендигинин натыйжасында жана окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Муратали Кадыркуловдун ЖРТга даярдоону туура уюштургандыгы себепкер болду деп билдирди жатак-гимназия мектебинин директору Илманбек Ибраимов.
«Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак-гимназиясы» мекемесинде 2022-2023-окуу жылында 11-классты 58 окуучу аяктап бүтүрүп, ЖРТга 57 окуучу катышты. Жыйынтыгында 110 баллдан, 140 баллга чейин алган балдардын саны 22 окуучу, 140 баллдан жогору алганы 24 окуучу, Анын ичинен 200 баллдан жогору алганы 2 окуучу болду. Жалпы катышкан бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы 135 баллды түздү».
«Эң жакшы баллды алган окуучулардын бири Убайдиллаева Айданек Каныбековна негизги тестти 209 балл. Математикасы 120 балл, англис тилинен 123 баллга ээ болду.
Убайдиллаева Айданек Каныбековна 209 балл
Турдубаева Алина Туратбековна негизги тесттен 206 балл, математикадан 87 балл, физикадан 72 балл, англис тилинен 115 балл алды.
Эркинжанов Фазлиддин Фархадович негизги тестти 194 балл, биологиядан 94 балл, физикадан 105 балл, химиядан 79 балл алды
Жайчиев Муслим Нургазыевич негизги тесттен 186 балл, математикадан 120 балл, англис тилинен 86 балл алды.
Бакиев Элмирбек Курстанбекович негизги тесттен 184 балл, математикадан 109 балл, биологиядан 68 балл, химиядан 76 баллга ээ болду.
Бул окуучулардын жетишкендиктерине предметтик мугалимдердин баары окуучуларга өзгөчө көңүл буруп, кошумча сабактарды өтүп келгендигинин натыйжасында жана окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Муратали Кадыркуловдун ЖРТга даярдоону туура уюштургандыгы себепкер болду десек болот. Ошондой эле биздин бүтурүүчүлөрүбүз кошумча Секом билим берүү мекемесинин окуусуна катышып келгендигинин натыйжасында жогорудагыдай жетишкендиктерге жетише алды»-деди Илманбек Ибраимов.
Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак -гимназия мектебинин директору Илманбек Ибраимов
Ж. Бөкөнбаев атындагы жатак- гимназиясынын окуучулары райондук, областтык, республикалык олимпиадаларга да активдүү катышат. 2022-2023- окуу жылында областтык предметтик олимпиадага 10 окуучубуз активдүү катышып келишти. Алардын ичинен 8-11- класстардын окуучулары деди жатак-гимназиясынын окуу бөлүм башчысы Муратили Кадыркулов.
«Ошол эле окуучуларыбыз ЖРТте да жогорку балл алышып, билимдүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташты. Мектепте ЖРТке даярдоого окуу жылынын башынан эле көңүл бурулат. Негизги предметтер боюнча мугалимдерге ийрим сабактары бөлүштүрүрүлүп, өтүлүүчү материалдар олимпиадага жана ЖРТке даярдоого багытталган план боюнча окутулат. Окуучулар каалаган мугалимдин сабактан тышкаркы ийрим сабагына катышып окуй алат. Андан тышкары Жалал-Абаддагы «Секом» окуу борбору менен тыгыз байланышта кызматташып, окуучулардын жана ата- энелердин каалоосу менен ыктыярдуу группа ачып, сабактан тышкаркы дем алыш күндөрү окутуу жүргүзүлөт. Окуучулар практикалык иштер менен көбүрөөк алектенет. Мезгилдүү сынамык тесттери алынып, жыйынтыгы чыгарылып турат. Мындан тышкары ЖРТке даярдануу китептерин таап, өз алдынча даярданган окуучуларыбыз да арбын. Окуучулардын сабактарга катышуусу, ЖРТке даярдануусу көзөмөлдөнөт.
Ж.Бөкөнбаев жатак-гимназия мектебинин окуу бөлүм башчысы Муратили Кадыркулов
Район боюнча эң көп окуучу катышып, мыкты көрсөткүч көрсөткөн мектепке Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан сыйлыктар берилет.
Гулназ Камбарали кызы