Баткен облусунун символуна айланган Айгүл гүлү гүлдөдү.
Эмне үчүн учурда Айгүл гүлүнүн кооздугун көрүү менен эс алууну каалаган жергиликтүү тургундар көбөйдү? Кандай пайдалуу жактары бар? Бул суроого окурмандарыбызга жооп алып берүү үчүн, кечээ эле эмгек жамааты менен чогуу эс алып келген Гульнара Самадованы кепке тарттык.
«Ар жылы апрель айынын орто чендеринде Айгүл гүлү гүлдөгөн мезгилде, Баткен шаарына жакын жердеги Айгүл тоого чыгып, Айгүл гүлүнүн кооздугу менен курчалган чөйрөдө эс алып келүү биздин эмгек жамаатыбыздын салтына айланып жатат,»- деп жооп берди. «Чөлкөмүбүздө табияты соонун жайлар көп болсо да, эмне үчүн ар жылы Айгүл тоосуна чыгып эс аласыздар,»- деген сурообузга, Гульнара Самадова: «Биздин жалпы эмгек жамаатыбыз белгилегендей, Айгүл тоого чыгып, Айгүл гүлүн көрүп кайтканда түйшүктөн арылып, кадимкидей жеңилдеп калабыз, бул эми табияттын сыры, Айгүл гүлүнүн өзгөчө касиети болсо керек»- деп жооп берди. Кабарчы: Айзада Эркинова