Тайлак баатыр Ырыскул уулу чекир саяк уруусунун чоро уругунан чыккан делет. Анын ата- бабалары өздөрүнө караштуу жамаатты бийлеп келишкен инсандардан болушкан.
Кокон хандыгы Тянь-Шань аймагындагы кыргыздарды «кыңк» дедирбей кармап туруу үчүн Ак-Талаанын Куртка өрөөнүнө сепил куруп, миңден ашык сарбаздын күчү менен элди эзип турган. Нарындыктар Кокондун эзүүсүнө каршы биринчи күрөшүн 1832-жылы Тайлак жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен жасайт. Бирок ал ийгиликсиз аяктаган.
Тайлак баатырдын өмүрү, баатырдыгы, ал жашаган доор тууралуу бир канча илимий иликтөөлөр изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. «Теңир-Тоо арстаны» аталган Тайлак бүтүндөй Теңир-Тоонун, атүгүл түндүк-түштүк кыргыздарынын да тагдырына таасир эткен. Себеби, ал ошол кездеги геосаясаттык маселелерге аралашкан, ал процесске белгилүү деңгээлде кооректировка киргизүүгө жетше алган. Ошондуктан ал кыргыз элинин чыгаан тарыхый инсаны жана баатыр жол башчысы.
Учурда Тайлак баатырдын урпактары Тогу-Торо, Ак-Тала райондорунда жашайт.
Окумуштуу-тарыхчы А.Беделбаев Тайлак баатыр жаштайынан өткүр, ары акылдуу жана кеменгер, адилеттүү жана көсөм, атка тың, баатыр болуп өсүп, айланасына жигит курап, ат үстүндө көчмөндөрдүн салттуу оюндарын ойногонду жакшы көрчү экен деп айтат.
(Булак https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:8124)
Барчын Мамытбекова
Бул фотобаян Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин жана Deutsche Welle Akademie уюмунун колдоосунда Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги ишке ашырган долбоордун алкагында даярдалды.