13-14-июль күндөрү Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аймактагы мүчөлөрү үчүн климаттык журналистика боюнча вебинар өткөрүлдү.
Вебинар БИОМ уюму тарабынан колдоого алынган. Вебинардан кийин катышуучулар климат темасында макала даярдап, сайтка чыгарышат.
Вебинарды тренер “Азаттык” радиосунун журналисти Бактыгуль Чыныбаева өттү.

Вебинардын катышуучусу “Невакет” жамааттык медиа борборунун координатору Венера Шонкоева төмөндөгүлөргө токтолду:

Венера Шонкоева
“Мен өзүм мектепте география сабагынан берем жана балдар менен климаттын өзгөрүшү боюнча көп талкуу жүргүзөбүз. Азыркы убактагы климат, экологияга байланыштуу көйгөйлөр менен тынчсыздандырбай койбойт. Балдар менен энергиянын альтернативдүү түрлөрү, таштандыны бөлүп чогултуу сыяктуу темаларды сүйлөшөбүз.
Бул вебинардын негизинде мен бул көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде гана эмес, эл аралык деңгээлге да алып чыгуу боюнча жаңы нерселерди үйрөндүм. Көйгөйдү көтөрүү, туура чагылдыруу, коомчулуктун көңүлүн буруу, жергиликтүү бийликтен жооп алуу сыяктуу көндүмдөрдү билдим.
Вебинар кызыктуу жана пайдалуу болду. Массалык каражаттардын өкүлү катары өзүмдүн регионумдагы маселелерди чечүүгө өз саламымды кошуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жакшы мүмкүнчүлүгүм бар экени кубандырат.”