2014 жылдын 7-8 октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларынан келген 14 тележурналисттер Коомдук биринчи каналдын алдында ачылган Республикалык окуу борборунда атайын окуудан өтүштү.
“Аймактык ЖМКлардын маалыматка жетүүнүн кепилдиктери багытында потенциалдарын жогорулатуу” аттуу семинар Европалык Союз жана БУУ тарабынан каржыланган «Социалдык акыйкаттуулукка жетишүүдө ак ниет башкарууну илгерилетүү» долбоорунун алкагында, КТРК менен биргеликте Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун Класстердик Бюросунун колдоосу менен өткөрүлдү.
Тренингди “Прецедент” өнөктөштүк тобунун юристтери Фатима Якупбаева, Адилет Азимов, андан тышкары медиа-эксперт Элима Джапарова өткөрүштү. Аймактык ЖМКлардын кабарчылары маалыматка жетүүнун мыйзамдык негиздери багытында потенциалдарын жогорулатып, маалыматтын жеткиликтүүлүгү багытында материалдарды даярдоонун көндүмдөрүн жакшыртып алышты.
Окуудан кийин аймактык журналисттер “Прецедент” өнөктөштүк тобу Кыргызстанды 7 облусунда уюштурган “33 кыймыл” аттуу акцияны жеткиликтүү чагылдырып бере алышты. Өлкөдөгү негизги телеканалдардын эфирлеринен, маалыматтык кызматтардын сайттарында жана маалымат агенттиктеринде маалыматка жетүүнүн көйгөйлөру жана натыйжалары багытындагы материалдар жарыяланды.
Долбоордун алкагынды орус жана кыргыз тилдеринде маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жөнүндөгү социалдык аудиороликтер даярдалды. Аталган роликтерди жамааттык жана коомдук радиолордун эфирлеринен угууга болот.