Бакай-Ата айылында жаан абарайына байланыштуу дыйкандарга өтө чоң көйгөйдү жаратып жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 2014-жылы жаан аба -ырайы күч алууда, бул жаан аба-ырайы жалгыз дыйкандарга эмес айыл тургундарына дагы эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелинет.
Себеби жаан аба-ырайы быйлкы жылы, жыйын терин убагында айыл тургундарына чоң көйгөйдү жаратты азыркы убакта бул жаан чачынды айыл тургундарына керек эмес болчу. Быйыл жаз айларында дагы кургак аба-ырайына байланыштуу айыл тургундарына дагы бир көйгөйдү жаратып кетти, бул кургак аба-ырайы жэр өсүмдүктөрүнө зыян алып келди. Азыркы убакта жаан аба-ырайы айыл тургундары, зыян алып келүүдө. Ушул жаан аба-ырайы жазында жаап берсе, абдан жакшы болмок деп айыл тургундары айтышууда.
Даярдаган: Бакай Сапаралиев