Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагында Кыргыз Республикасыны Юстиция министрлигине караштуу Жазык аткаруу кызматынын 19 мекемеси жайгашкан. Аталган мекеменин тарбия бөлүмүнүн социалдык иштер боюнча ага тескөөчүсү ички кызматтын капитаны Айсулуу Алиева быйыл жылдын мыктысы аталды.
Жаштайынан үзүрлүү эмгектенип кызмат үстүндө ийгиликтерди багындырып келе жаткан Айсулуу менен баарлашканда бала кезинен эле ушул кесипти жактырганын айтты:
«Мен өзүм Нарын облустуна карашатуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында милиционердин үй-бүлөсүндө туулганмын.
Атам милициянын майору Турсункул Алиев өз өмүрүн милицияга арнаган. Апам Сарсехан Алиева ал да милицияда иштеген, учурда ардактуу эс алууда. Мен милициянын үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан, бала кезде ата-энемдин чекчейип кийген формаларын жактырып кийгим келүүчү. Өзгөчө атам менин кумирим болчу. Жашоомдогу эң чоң түркүгүм бул менин апам. Ар бир кубанычымды тең бөлүшүп, “Атасынын кара кызы кыйын да” -деп мактап турат. Апам жашоомдогу ар бир ийгилигимдин башаты.
Менин өз кесибимди сүйүп иштеримди жолдошум, кайын-журтум билишет жана дайыма колдоо көрсөтүп турушат.»
Жыл жыйынтыгы боюнча Тарбиялоо кызматынын мыкты кызматкери номинациясына 19 мекеменин социалдык иштер боюнча ага тескөөчүсү, ички кызматтын капитаны Айсулуу Алиева буга чейин да көптөгөн сыйлыктарды багындып келет.
Турсун Омуралиева