Сары-Булуң айыл аймагындагы Сары-Булуң каналынын башкы сооруженияны, Атай айыл аймагына караштуу Абык, Атай суу каналдарына суу берүүчү сооруженияларды куруп, Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Чамынды каналын ондоп түзөөдөн өткөрүштү.
Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, райондогу айыл аймактар менен «Эмгек үчүн азык-түлүк» БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы менен биргеликте ишке ашырылды.
Каналдардын ондолушу менен айылдын жашоочуларынын айдоо жерлери суу менен камсыз кылууга шарттар түзүлүп, сугат суу системасын оптималдаштыруу максатында толук бүткөрүлүп, сугат суусунун тартыштыгы жоюлуп жана рационалдуу пайдаланууга шарт түзүлдү.
Бул долбоорго аз камсыз болгон 58 жаран тартылып убактылуу жумуш менен камсыз болушту. Эмгек акысына ар бир иштеген адамга 150кг ун, 15 литр байытылган ун май менен камсыз болушат.
Анара Мааметова